Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Чүй облусу, Кара-Балта 13.01.2020 15:32 На русском

«Селсаяктар да орун талашат»: Тилемчиликтеги «конкуренция» жана Маринанын жашоосу

Turmush -  Турмуш көйгөйүнөн стресс алып, буттары баспай калган 35 жаштагы Марина Кара-Балта шаарынын тургуну. Ал күндөлүк жашоосун майып арабада тилемчилик менен өткөрүп келет. Анын жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.

Марина Зайцева 35 жашта. Стресс алып, 6 жылдан бери майып арабада күн кечирет.

«Кадимки кыздардай эле шаарда жетилип, мектептен билим алдым. Турмушубуз деле өтө оор эмес эле. Турмушка чыктым. Бирок көп узабай ажырашып кеттим. Балалуу болбодук. Ушундай күндөрдө катуу ооруп калдым. Менимче, нервим катуу чыңалууда болду окшойт. Буттарым баспай калды. Алгачкы күндөрү балдак менен басып жүрдүм. Бир бутумду сүйрөп араң басчу элем. Бир аз убакыттан кийин эле эки бутум тең баспай калды. Дарыгерлерге кайрылдым. Бирок натыйжа чыкпады. Азыр экинчи жолдошум — 42 жаштагы Сергей экөөбүз Кара-Балта шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде турабыз. Ал күндө эртең менен мени майып арабага отургузуп, автоунаалар токтоочу жайга жеткирип коёт. Ал жерде тилемчилик кылам. Мен мындай абалга түшкөнгө чейин тилемчилердин жашоосун билбейт элем. Башка түшкөндө билет турбайсыңбы.

Бизде да «конкуренция» күчтүү. Селсаяктар да орун талашат. Кээде жакшынакай эле кийинген адамдар мас болуп алышып, мага тийишип көрүшөт. Албетте, тилемчилик кесип эмес. Айла жоктун иши да. Үйдө майып арабада отура берет белем. Мен айрым тилемчилердей бир нерселерди айта бербейм. Ага күчүм, ден соолугум, мүмкүнчүлүгүм да жетпейт. Жөн гана майып арабада эки колумду сунуп отура берем. Каалагандар тыйын-тыпырын берип кетишет. Ичимден ыраазы болуп, баш ийкеп коём. Жакшы адамдар көп. Кечинде жолдошум Сергей келет. Тапкан акчабызды эсептеп, азыктарыбызды алып кетебиз. Баса, ал да жакында үйдөн жыгылып, акырегин сындырып албадыбы. Мени апам түртүп жумушума жеткирип жүрдү. Эми жолдошум сакайып, ооруканадан чыкты. Эртең менен түртүп жеткирет. Кечинде алып келет», - деди ал.

Марина Зайцева сүйлөгөндө тез ачуусу келип, өңү бозоро түшөт. Көп сырларын айтпайт. Ичине катат. Жолдошунун мүнөзү ачык. Ал сүйлөй баштаганда «Сергей» деп, катуу үн чыгарып, тыюу салат.

«Баары оорунун айынан да. Эл көп жерде майып арабада отурам. Кышы-жайы ошондой. Эптеп нанга тыйын табуу керек. Жолдошум эч жерде иштебейт. Мени ташыйт, карайт. Мен аны багам. Стресс алган күндөрүмдүн башталышында жүрөгүмдүн кагышы катуулап, көзүм караңгылап жүрдү. Менимче жашоомдогу жагымсыз күндөрүм ден соолугума күч берди өңдөнөт. Айтор, организмде катуу чыңалуу болду. Кулактарым укпай калды. Ошентип, көп ойлонуудан, ден соолугумдагы тең салмактуулуктун бузулушунан баспай калдым. Буттарым, муундарым ооруйт. Ага деле карабай майып арабада тилемчилик кылам. Апамдар да жардам беришет. Ошентсе да өз оокатымды өзүм өткөргөнүм жакшы да. Эми келечек мен үчүн туңгуюк. Канча убакытка чейин мындай абалда жүрөм билбейм. Эгер эки бутум басып кетсе, мен да ээн-эркин эл-жер аралап, иштеп, жакшы жашоомду өткөрөт элем. Тагдыр башка салган күндү көрүп, ичимден сызып, арманымды алаканга түшкөн тыйындар менен бөлүшүп жашап келем», - дейт майып арабадагы Марина.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×