Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Чүй облусуАламүдүн району 13.01.2020 15:03

«Сен мага жагасыӊ ...»: Мугалим К.Мамбеталиева ойлоп тапкан ыкмалар

Turmush -  Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы Б.Бейшеналиева атындагы орто мектебинде физик мугалими болуп иштеген Күлжан Мамбеталиеванын атасы согуштун ардагери, апасы коммунист болгон. Анын ойлоп тапкан ыкмаларын башка мектептеги мугалимдер да колдонуп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ардактуу мугалим 1962-жылы 3-февралда Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу мурунку Миӊ-Куш шаарчасында төрөлгөн.

«Атам Сары согуштун жана ооруктун ардагери. Жыгач уста, тарыхка жана санжырага кызыккан сөзмөр адам болгон. Апам Курманбүбү коммунист (1946-жылы партиянын катарына өткөн), эмгектин ардагери, тикмечи болгон.

Өзүм үй-бүлөдө жети бир туугандан эӊ кенжесимин. Бир туугандарым жогорку окуу жайларды бүтүрүшкөн. Улуу агам Жусуп СССРдин эл агартуунун отличниги. Мектепке ысымы берилген. Кийинки агам Имангазы профессор, Асангазы байкем жетекчилик кызматта иштеп келсе, эжем Гүлбүбү инженер-экономист кесибинин ээси. Кийинки эжем Жумагүл белгилүү дизайнер. Кичүү эжем Анара медицина илиминин кандидаты. Азыр 95 жаштагы апам жана уулум менен жашайм», - деди ал.

Ардактуу мугалимдин окуучулары район, облустук олимпиадаларда алдыңкы орундарды багындырып келишет.

«Менин мугалим болуп калышыма ата-энемдин жана улуу агам Жусуптун, эжем Гүлбүбүнүн таасири чоӊ болгон. 1969-1979-жылдары Миӊ-Куш шаарчасындагы Горький орто мектебинде (азыркы Сары уулу Жусуп атындагы) окугам. Эмгек жолумду 1980-жылы оргтехника заводунда баштагам. 1983-1988-жылдары азыркы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетин бүтүргөм. 1988-жылдан азыркы убакка чейин мугалим болуп иштеп келем.

Учурда окуучуларым менен бирге бир топ ийгиликтерге жетип жатабыз. Алсак, окуучуларым физика сабагы боюнча райондук олимпиадада 1-орунду, Чүй облустук олимпиадада 2-3-орундарды багындырып келишет. 2016-жылы жаштар уюму уюштурган интеллектуалдык таймашта 1-орунду ээлешип, планшет жана тил курсуна сертификат алышкан. 2019-жылы бир окуучум «XXI кылымдын интеллектуалдары» деген таймашта Чүй облусу боюнча 1-орунду алып, андан ары республикалык турга катышып келди. Быйыл 2019-2020-окуу жылында райондук олимпиадада 10-класстын окуучусу 1-орунду ээлеп, учурда облустук олимпиадага даярданып жатабыз», - деди ал.

Күлжан Мамбеталиева бир топ ыкмаларды ойлоп таап, ага патент алып, колдонууга берген. Айрым мектептерде анын окутуу ыкмасын колдонуп келишет.

«2014-жылы «Физикалык касса», «Физикалык кутуча» аттуу мугалимдерге арналган дидактикалык материалдардын (Кыргыз билим берүү академиясынан кошумча колдонмо катарында уруксат берилген) жана физика сабагы үчүн түзүлгөн календарлык пландын авторумун. Азыр бир топ райондордун мектептеринде мугалимдер колдонуп жатат. «Физикалык касса» жана «Физикалык кутучанын» пайдалуу жагы төмөнкүдөй: Биринчиден, аз убакыттын ичинде көп окуучунун билимин текшерүүгө жардам берет. Экинчиден, окуучунун эске тутуусун, бирин-бири баалоодо жардамчы окуучулардын жоопкерчилигин өстүрөт. Үчүнчүдөн, маселени чыгартууда жеӊилдик түзүү болуп эсептелет.

Ошондой эле математика сабагына арналган эмгектерим да бар. Ал 2016-жылы Кыргызпатенттен атайын патенттелип, «К.Мамбеталиеванын ыкмасы боюнча квадраттык теӊдемени кыска жол менен чыгаруу» деп аталды. Бул эсептерди кыска убакыт ичинде тез жана жеӊил чыгарууга жардам берет. Келечекте 1993-жылдан бери физика сабагын өтүүдө колдонуп келе жаткан «Жаӊсоо» ыкмасын патенттеп, аны кеӊири жайылтсам деген максатым бар. Ошондой эле «Сен мага жагасыӊ физика» деген эмгегимди жазууну ойлоп жүрөм. Учурда «Жашоонун сыры аӊ-сезимде» деген темадагы эмгегимди жазуунун үстүндөмүн», - деди ал.

Мугалим Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн жана Чүй облусунун администрациясынын ардак баракчалары, «Билим берүүнүн мыктысы», Мугалимдер конгрессинин «Мыкты мугалим» наамы менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×