Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Талас облусуБакай-Ата району 14.01.2020 10:47

Айыл турмушу: Таластык А.Бузурманкуловдун чөптү майдалап кое турган аппаратына кызыккандар көп (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылынын 37 жаштагы тургуну Ахмед Бузурманкулов чарба жумуштарын жеңилдеткен жабдыктарды жасайт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, сезон убагында 100 миң сомдон ашык каражат табат.

«Аскерден келип, кесипке ээ болгон жокмун. Бирок күнүм устачылык менен өтөт. Иштеп жүрүп көп тажрыйба топтодум. Айылдан ширетүү жана жыгач жумуштары менен алектенем. Көбүнчө шаарга барып жылытуу системаларын коём. Сезон убагында ушул ишим менен 100 миң сомдон ашып каражат табам. Бош күндөрдү дагы текке кетиргим келбейт. Андай учурларда бир нерсе ойлоп тапканды жактырам. Былтыр төө буурчактын сөңгөктөрүн майдалагыч жасагам. Күзүндө жыйнап алган төө буурчактын чөбүн кышы менен малга беребиз. Андан соң сөңгөктөрү жарым аштоо болуп калып калат. Аны кантип жегизсем деп ойлончумун. Ошого ылайыктап аппарат ойлонуп, былтыр жасадым. Кышы менен кашек чыгарбастан малды тоюттандырдык. Аппараттын тишин майда чыгаргычына койгондо кашек-сөңгөктөрүн ун сыяктуу кылып чыгарып берет. Аны бордогон малга бир аз жем кылып кошуп коёбуз. Негизи майдаланганын мал жакшы жейт. Мотор таап, ага ар кандай темирлерди кураштырдым. Мындай кашектер жол боюна чыгып калчу. Таштандыга айланып кетпесин дедим. Экинчиден, үнөмдүү болот. Аппаратка кызыккандар көп. Эми чоңун эле жасайын деп жатам. Себеби мындай чөп жылда болот эмеспи.

Андан башка тор токуган станокту ар нерседен курап чыккам. Аны велосипедде отуруп токуй турган кылып жасагам. Өзүмө тор токуп, тегерегимди курчадым. Элге токуй элекмин. Себеби алар токуганын арзан сурашты. Зым кымбат болгондуктан пайдасы аз болуп калат экен. Ширетүү иштери менен жүргөндүктөн дарбаза жана башкаларды дагы жасап калам. Ага керектелүүчү кооздуктарды өзүм ийип жасайм. Анын станогун дагы ойлонуштуруп колго жасап алгам», - деди ал.

Ахмед уста 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×