Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Талас облусуБакай-Ата району 14.01.2020 08:26

Айыл турмушу: Бакай-аталык Адилет мырза массаждын 32 түрүн билет (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынын 26 жаштагы тургуну Абдыманап уулу Адилет массаждын 32 түрүн жасайт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Скрябин атындагы агрардык университеттин информатика бөлүмүн аяктаган.

«Окууну бүтүп келген соң Бакай-Ата айылындагы мектепте 1 жылга жакын иштедим. Мектепте иштеп жатканда окуучуларга ыр-бий ийримин ачып, кошумча топ түзүп, балдарды шыктандырууга аракет кылдым. Бирок мектепте каражат абдан эле аз. Тойлордо ырдап, бийлегенге чакыруулар көп болот. Барып иштеп келем.

Массаж кылууга менин кичинемде дарыгер болом деген кыялым түрткү болду. Кичинемден күрөшкө барам. 5 жылдан бери спорттун чеберимин. Күрөшкө барганым мени массаж кылып, элдерди дарылоого шыктандырды. Машыгууда балдардын колдорун ушалап, бири-бириңе кам көрөсүң. Анан атайын окуйм деп чечтим. 2017-жылы башка өлкөлөргө да жарай турган сертификат алып, Түркияга кетип калгам. Ал жакта мейманканада, мончодо массаж жасап иштедим. Андан кийин Россияда иштеп, сезондоп Түркия менен Россияда иштеп жаттым. Учурда массаждын 32 түрүн билем. Көбүнчө спорт массажын, «точечный», арыктоо үчүн массаждарды жасатышат. Башка өлкөдө жүргөндө деле өз өлкөмдөгүдөй эле сезим болот. Орус, казак, түрк тилинде эркин сүйлөйм. Чет өлкөгө чыкканда чет тилдерди да үйрөнүш керек экенин билип, кийин англис тилин үйрөндүм. Массажды жаңы жасап баштаганымда 400 доллардан болчу. Кийин 500 доллар болду. Россияда 1 күндө 2000-5000 миң рублга чейин табууга болот. Массаж жасоодо биринчи эле адамдын психологоиясын билиш керек. Андан соң эгер анын бир жери ооруп турганын билип аны өзүнө айтсаң, адамдардын ишеними көбүрөөк болуп, оорусунан бат арылып кетишет.

Массажда ар кандай ыкмаларды үйрөтөт. Бирок колуң менен сезип билүү ар бир адамдын өзүнөн болот. Учурда аз убакыт болду, Таласта мончолордун биринде массажист болуп иштеп жатам. Бул жакта бөлүнбөй эле жалпы массаж жасалып, 400-700 сомго чейин болот. Эгер банка, бал же таш менен массаж жасасак 900-1000 сомго чейин жасалат. Бизде башка жактан айырмаланып, менталитет, ыйманыбыз күчтүү десем болот. Анткени аял кишилер эркек киши экен деп көп кайрылышпайт. Көбүнчө спортчулар, толуп кеткендер, кыймыл-аракети аз адамдар, моюн оорулары менен жабыркагандар, жел туруп бели ооругандар кайрылышат. Адам канчалык семиз болсо массаж кылуу ошончо кыйын болот. Массаждын өзүнүн ырахаты, касиети бар. Уктап калган клеткаларды ойготуп, такай иштеген булчуңдарды эс алдырат», - деди Адилет мырза.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×