Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Баткен облусуБаткен району 12.01.2020 11:30

Баткендин Көк-Таш айылында абал тынч, эл үйлөрүнө кайта баштады (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 12-январда Баткен районунун Көк-Таш айылындагы чек арада абал туруктуу. Бул тууралуу облустук жетекчиликтен билдиришти.

Маалым болгондой, чек арадагы окуялардан кыргыз тараптын жаракат алгандар болгон жок. Жергиликтүү бийлик жана күч түзүмдөрү тарабынан чек арадагы абалды турукташтыруу, чек араны кайтаруу, элдин коопсуздугун камсыздоо иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатат. Ошондой эле жергиликтүү элге ар кандай чагымчылдыкка азгырылбоо боюнча да түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ал эми милиция кызматы тарабынан кармалган 3 жаран боюнча укук коргоо органдары тиешелүү иштерин мыйзам чегинде жүргүзүп жатат. Маселе мыйзамга жараша чечилет.

Баткен райондук жарандык коомунун материалдык техникалык камсыздоо кызматы тарабынан Көк-Таш айылындагы Ш.Ганы атындагы орто мектебине убактылуу көчүрүлгөн элге эртең мененки тамак-аш уюштурулуп, ысык тамак берилди. Чек арадагы абал турукташкандыгына байланыштуу убактылуу жайга көчүрүлгөн жарандар өз үйлөрүнө кайтышууда. Азырынча Көк-Таш айылында абал туруктуу, жолдор ачык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×