Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Чүй облусуСокулук району 07.01.2020 11:12 На русском

Жаңы жылда мас кишиге кабылып, аны менен шаарга чейин эзилип келген Уландын баяны

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жазуучу Улан Дүйшеналы 1-январда майрамдоо үчүн досторуна бара жатканда бир окуяга кабылганын аймактык кабарчыга айтып берди.

Ал Жаңы жыл күнү Сокулук районуна караштуу айылдардын бирине бара жатканда мас кишиге кабылып, аны «Ала-Тоо» аянтына чейин алып келип, ЖКККБнын кызматкерлерине тапшырып берген.

«Сокулук районуна караштуу Дача деген айыл бар. «Манас» аэропортуна бараткан жолдун жээгинде жайгашкан. Мен ошол жерге досторумдукуна конокко бара жаткам. Ошондо чоӊ жолдун жээгинен бир мас кишинин темтеӊдеп баратканын көрдүм. Негизи мен ал киши тараптан эмес, кайрылыш жолдон бурулуп кетмекмин. Кудайымдын буйругу болдубу, айтор айылдарды аралабай, тигил жол менен басайынчы деп, мас киши кетип бараткан тарапка бурулдум. Жетчү жериме ошол жак менен да барсам болот. Эгер кайрылыш жол менен бурулуп кетсем, тиги киши суукта, ээн талаада эмне болмок, айтыш кыйын.

Бир маалда ал киши чалкасы менен жерге жыгылып түштү. Аны тургузайын десем, буттары бүгүлбөй, түптүз болуп катып калды. Арактын жыты бир жагынан буркурап сасып турду. Эмне кыларымды билбей, жол жээгине сүйрөп чыгарууну эп көрдүм. Ошол учурда 2 жигит келип калды. Ал балдардын жардамы менен жол жээгине чыгардым. Алар андан ары кетишти. Мен болсо ал кишини №7 автобустун акыркы аялдамасына жарым чакырымга чейин сүйрөп бардым. Болжол менен 60 жаштын тегерегиндеги киши экен. Мен дагы сасык тумоо болуп, араӊ жүргөн болчумун.

Ошентип, автобуска салып, «каякка барасыӊ, үйүӊ каякта?» десем, ар кайсыны булдуруктап айтты. «Жок дегенде милицияга тапшырып коеюн, аман каласыӊ» десем макул дегендей болгон, бирок жакшы жооптун ордуна ашатып сөгүп кирди. Ага теӊелбей, аны автобус менен шаарга алып келдим. Чоң дүкөндүн жанынан түшүрүп коеюн деген да ой кетти. Бирок, автобус «Ала-Тоо» аянтындагы тыгында бир топко туруп калды. Мен айдоочуга «ушул жерден түшүп калайын» деп, тиги кишини түшүрөйүн десем, ордунан жылбай койду. Анан автобустагы бир киши жардам берип, араӊдан зорго түшүрдүк. Анын ушунчалык мас экенин көргөн бир айдоочу унаасынын терезесинен аялдарды сөккөндөй сөгүп кетти. Ал ортодо аянтта жүргөн милиция кызматкери келип калды. Мас кишини аларга тапшырып берип, андан ары кеттим», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×