Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Баракелде, Бишкек 18.12.2019 16:17 На русском

Америкада 140 000 долларлык унааларды ташып иштеген Сүймөнкул айына 8 000 доллар табат

Сүймөнкул Шарипов
Сүймөнкул Шарипов

Turmush -  Сүймөнкул Шарипов 2015-жылдан бери чет өлкөлөрдө иштеп келет. Ал учурда Америкада автодилердеги кымбат унааларды транспорт каражаттарын ташуучу унаага жүктөп, айтылган жерге жеткирип берүү кызматын көрсөтөт. Өзүнүн айтымында, кеминде 800 миӊ долларлык жүктү ташып, айына бул кызматы үчүн 5-8 миӊ доллар кирише табат.

«Мен автодилерлердеги кымбат унааларды транспорт каражаттарын ташуучу унаага жүктөп, штаттардагы автодилерлерге жеткирем. Америка чоӊ болгондуктан автодилерлер көп. Алар бири-бирине автоунаа сатышат. Эми алардын иши өтө чоң тема. Автодилер — бул унааларды сатып алуу жана сатып өткөрүү менен алектенген компания, өз атынан жана өз каражатынын эсебинен аракеттенет. Эми өзүмдүн гана ишимди айтып берейин. Мен ташыган унаалардын арасында 140 миӊ долларлык унаалар бар. Мисалы, заводдон 2019-жылы чыгарылган «Range Rover», «Tesla», «BMW M5» үлгүсүндөгү унаалар. Транспорт каражаттарын ташуучу унаага кеминде 700-800 миӊ долларлык жүктү жүктөп беришет. Анын баарына жооп бересиң. Кокус бир нерсе болсо, бизде камсыздандыруу тобокелчилиги (болушу мүмкүн катары камсыздандыруу жүргүзүлгөн окуя. Ал ыктымалдуулуктун жана кокустуктун белгилерине ээ болууга тийиш) деген бар. Ошол аркылуу ал чыгымдар толукталат. Мына бүгүн, 18-декабрда «Cadillac» үлгүсүндөгү жаӊы унааларды жеткирдим. Негизи унаалардын чыккан жылы документке бир жылга жогору көрсөтүлүп жазылат. Мисалы, 2019-жылы чыккан унаа болсо, документине 2020-жылы чыкты деп жазышат. Жогорудагы унаалардын баары документте 2020-жылкы деп жазылган. Алган айлыгымды так айта албайм. 5-8 миӊ доллардын айланасында акы алам.

Иш убактысында көптөгөн кызыктуу окуялар болот. Анын бирин айтып берейин. Бир жолу «Lexus» үлгүсүндөгү 3 жаӊы унааны жүктөп, 900 чакырым жолду жүрдүм. 2 унааны бир жерге, калган бирөөсүн башка автосалонго алып бармакмын. Бирок үч унаа теӊ окшош болгондуктанбы же алаксып кеткендиктенби, айтор унааларды алмаштырып таштап кетиптирмин. Биз иштеген компанияда айдоочуларга бардык шарттар каралган. Ошондой жакшы шарттардын жардамы менен мен кетирген кемчиликти башка айдоочулар тез эле оңдоп коюшкан», - деди ал.

Сүймөнкул Шарипов Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында 1991-жылы төрөлгөн.

«2005-жылга чейин Куршаб айылындагы Ысмайыл Бектемиров атындагы орто мектебинде окуп, 2005-жылдан 2009-жылга чейин Чүй облусунун Жайыл районунун Новониколаевка айылындагы мектеп-гимназиясында билим алдым. 2009-жылы генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы Куралдуу күчтөрдүн аскер институтуна барып, аны 2013-жылы ийгиликтүү бүтүрдүм.

2013-жылы Коргоо министрлигинин буйругу менен Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө 2 жыл кызмат кылдым. Андан соӊ жумуш издеп Москвага, кийин Европа өлкөлөрүнө, акыры Америкага келип, өз ордумду таап калдым. Кыргызстанда аскердик кызматымды өтөп, кесибим менен иштесем болмок. Бирок бизде союз мезгилинде жазылган ыкмалар менен аскердик ишмердүүлүк жүрүп келет. Ал эми көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдө заман талабына жараша өзгөрүүлөр болуп жатат. Мен ошол себептен дагы аскер кызматынан кеттим.

Албетте, Америка менен Кыргызстандын жашоосунун айырмасы асман менен жердей. Адамдардын аӊ-сезими, бири-бирине болгон мамилеси башка. Американын абасы таза. Себеби, табиятка аяр мамиле жасашат. Ар бир завод автоунааларга фильтрлерди коюшат. Азыр электр тогу менен жүрө турган унаалардын саны көбөйүүдө.

Тамак-аш да бул жерде башкача. Көбүнчө тез даярдалуучу тамак жешет. Кыйынчылыктар болбой койбойт. Алгач келген жылдары көнө албай кыйналдык. Азыр баары жакшы, кыйынчылыктардан кийин жакшы күндөр болот деген сөздүн чындыгы бар экен.

Азыр мен бойдокмун. Чет өлкөлөрдө иштеп, тажрыйба топтоп, ийгиликтерге жетишип, андан кийин өлкөмө барам. Максатым — кайрымдуулук фонд ачып, мекенимдеги жардамга муктаж адамдарга жардам бергим келет», - деди ал.

Мекендешибиз үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×