Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Баткен облусуЛейлек району 12.12.2019 08:40

«Башка эркектер менен жүргөнсүң»: Жеңесин муунтуп, жерге сүздүргөн жигит же кайын ининин окуясы

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Баткен облусунун Лейлек райондук соту Юнустун (аты өзгөртүлдү, Н.Э.Ф.) кылмыш иши боюнча чечим чыгарды.

Ал 1981-жылы Лейлек районунда туулган, билими жогорку. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Мурун сот жообуна тартылган эмес.

Жоруктар жөнүндө кодексинин 66-беренесинин 2-бөлүмү боюнча (Ден соолуктун кыска убакытка бузулуусуна же эмгекке жарамдуулукту бир аз туруктуу жоготууга алып келген ушундай эле жосун) айыбы угузулган.

Айыпталуучу — Юнус 2019-жылдын 15-июнь күнү болжол менен саат 18:00 чамасында Лейлек районунун Бешкент айыл аймагындагы айылдардын биринде жеңеси Адлияны (аты өзгөртүдү, М.Х.С.) «сен бузулуп кеткенсиң, башка эркектер менен жүрөсүң» деп айтып, ашканага сүйрөп кирген. Андан соң муунтуп, колу менен оозун жаап, зомбулук аракеттерди көрсөткөн. Анын кесепетинен Адлиянын ден соолугуна зыян келтирилген.

Айыпталуучу сот отурумунда күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна алып, жабырлануучу бир тууган агасынын келинчеги болорун билдирди. Андан ары сөзүн улап, 2019-жылдын 15-июнь күнү түштөн кийин жеңесинин жанына барып, «башка эркектер менен жүрөт экенсиз. Үйдөн чыгып кет. Өзүңүз чыгып кетесизби же сүйрөп чыгарайынбы?» деп ашканага колунан сүйрөп алып киргенин айтты. Ал жерден жеңесине «эгер андай иш кылбасаң, Куранды алып келем. Ошону кармайсың» деп, китеп алууга кеткен. Бирок жеңеси аны күтпөй кетип калган. Айыпталуучу соттон Адлияны урбагандыгын, сөкпөгөндүгүн жана үч жаш балдары бардыгын айтып, жеңил жаза берүүнү суранды.

Жабырлануучу Адлия айыпталуучу кайын иниси болорун, 2019-жылдын 15-июнь күнү саат 18:00 чамасында Юсуф келип, уят сөздөр менен сөгүп, желкесинен кармап жукулдатканын айтты. Андан ары сөзүн улап, айыпталуучу ашканага сүйрөп киргизип, жерге башын сүздүрүп, муунтканын билдирди. Ошондо Адлия үч жолу келме келтирип, бакырып жибергенде Юсуф аны коё берип сыртка чыгып кеткен. Андан кийин жабырлануучу башы ооругандыктан атасынын үйүнө барган. Бирок ден соолугу туруктуу болбогондуктан Исфана шаарына барып ооруканага жаткан. Ал жерде 10 күн дарыланган. Жабырлануучу соттон айыпталуучуну мыйзам чегинде жазалоону суранды.

Жыйынтыгында сот Юсуфту күнөөлүү деп таап, эсептик көрсөткүчтүн 300 өлчөмүндөгү (30 000 сом) айып пул салды.

Чечим 2019-жылдын 6-декабрында чыкты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×