Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Баткен облусу, Баткен 11.12.2019 10:26 На русском

Россияда каза болгон баткендик журналист М.Добутов айылында жерге берилет. Видео

Turmush -  7-декабрда Россиянын Смоленск облусундагы унаа кырсыктан каза болгон баткендик журналист Мырза Добутов бүгүн, 11-декабрда жерге берилет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын жакындары билдиришти.

Бүгүн Баткен облустук телеканалынын эмгек жамааты Мырза Добутовду эскеришти. Ал 1970-жылы Баткен шаарынын Булак-Башы айылында туулган. 1996-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин журналистика факультетин аяктаган. 1980-1990-жылдары советтик армиянын катарында кызмат өтөп келгенден кийин алгачкы эмгек жолун 1990-жылы Кыргыз мамлекеттик телерадиокомпаниясында режиссердун ассистенти, телеоператор болуудан баштаган. 2006-2007-жылдары Баткен облустук телеканалынын директору болуп иштеген. Аймактык телеканалдын техникалык жана мазмундук сапатын көтөрүүгө кошкон салымы чоң.

Акыркы жылдары журналистиканын жаңы багыты болгон интернет тармагында белгилүү блогер катары таанылган. Интернетте миңдеген мекендештердин башын бириктирген блогердик ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. Өзүнүн баракчасында улуттар ынтымагы, кыргыз элинин биримдиги, чек арадагы көйгөйлөр, коомдогу адеп-ахлак маселеси туурасында кеңири баяндамаларды жасап келген. Анын демилгеси менен Баткен шаарына 10 млн сомдук спорт комплекси курулган. Баткен районунун Бужум айылында чоң көчөнүн жолу оңдолуп, түнкү чырактар коюлган. Маркумдун артында келинчеги, 1 кызы, 3 уулу калды. Ал бүгүн саат 15:00дө Баткен шаарынын Булак-Башы кварталында акыркы сапарга узатылат.

Мырза Добутовдун атасы Коңурбай Добутов да мекен үчүн күйүп иштеген инсан болгон. Ал көп жылдар бою «Москва» коллективдүү чарбасынын экономикалык абалын оңдоого салымын кошкон. Учурда аксакал иштеп кеткен Бужум айыл аймагынын бир көчөсүнө Коңурбай Добутовдун ысымы ыйгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×