Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Баткен облусу, Сүлүктү 11.12.2019 08:36 На русском

Сүлүктүдөгү шахтада 4 адамдын өмүрү кыйылды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Сүлүктү шаарындагы шахтада 4 адам газга ууланып каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө «Ормон» ЖЧКнын шахтасынын кызматкери Назырбек Кудайбердиев билдирген.

Анын айтымында, окуя кечээ, 10-декабрь күнү саат 16:50 чамасында болгон.

Окуя болгон жерге капитан А.Мовлянов баштаган 7 куткаруучу саат 16:55те жөнөп кетишкен жана саат 18:05 чамасында 215 метр тереңдиктен газга ууланган тургундарды алып чыгышкан. Саат 18:15 чамасында шахтага Баткен облусунун Лейлек райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Улан Мурзамуратов барганда Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Айбийке айылынын 4 тургуну газга ууланып каза болгондугу аныкталган. Алардын ичинде бир туугандар бар.

Каза болгон тургундар:

- 1985-жылы туулган Н.К.Э.;

- 1987-жылы туулган Н.Ш.Э.;

- 1976-жылы туулган А.Н.;

- 1996-жылы туулган К. уулу Н.

Каза болгондордун сөөгү ата-энесине жана туугандарына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×