Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Ош облусу, Ош 09.12.2019 15:03

Кыргыз-Өзбек университетинде жаш акындын чыгармачылык кечеси өттү (сүрөт)

Turmush -  Кыргыз-Өзбек университетинде жаш акын Бүкалча Маматали кызынын поэзиялык кечеси өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

5-декабрь күнү Кыргыз-Өзбек университетинин кызматкери, «Жигер» чыгармачыл жаштар борборунун мүчөсү, «Оттуу ирмемдер» ырлар жыйнагынын автору Бүкалча Маматали кызынын «Сезимдеги жылуулук» аталышындагы поэзиялык кечеси өттү.

Кечени «Жигер» чыгармачыл жаштар борбору жана Кыргыз-Өзбек университетинин «Достук» чыгармачылык борбору уюштурду. Анын жүрүшүндө жаш акындын калемине таандык ырлар көркөм окулуп, сахналаштырылган программа тартууланды.

«Жигер» чыгармачыл жаштар борборуна, «Достук» чыгармачылык борборуна, ар тараптуу колдоо көрсөткөн окуу жайдын жетекчилигине терең ыраазычылык билдирем», - деди сөз сүйлөгөн Бүкалча Маматали кызы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×