Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 03.12.2019 08:13

Кумтөр кенинде жоголгон 2 кызматкерди издөө боюнча штаб түзүлдү (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кениндеги Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмар кескин түрдө жылып, 2 кызматкердин дайынсыз болуп жатканына байланыштуу атайын штаб түзүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, штабга тармактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирди. Учурда аларды издөө боюнча кендеги адистер менен биргеликте иш жүрүп жатат. ӨКМден 64 куткаруучу, ишканадан 28 куткаруучу иш алып барууда. Куткаруучулар түндө да издөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Буга чейин 1-декабрда Жети-Өгүз районундагы Кумтөр алтын кенинин аймагында жер көчкү жүргөнү кабарланган. Ошол эле күнү таңкы саат 5:00 чамасында ишкананын 2 кызматкери дайынсыз жоголгон. Аларды издөө иштерине 40ка жакын куткаруучу, милиция жана ишкананын кызматкерлери, райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү тартылган. Ошондой эле окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери барышкан.

Жоголгон кызматкерлер: 1984-жылы туулган жумушчу (мастер) И.О. жана бульдозердун 1972-жылы туулган айдоочусу Ж.Ж. экендиги такталган. Алар түнкү нөөмөттө иштеп жатышкан. Бульдозердун айдоочусу Тоң районунун Темир-Канат айылынын тургуну. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы. Анын туугандары издөө иштери жүрүп жаткан жерге жөнөп кетишкен болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×