Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 02.12.2019 17:15

Ала-Букада Сүймөнкул Чокморовдун элесине арналган мелдеш уюштурулду

Turmush -  Ала-Бука районунун Биринчи май айыл аймагында белгилүү сүрөтчү жана киноактер Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесине карата иш-чара өткөрүлдү.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, саамалык РИИБ жана райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте уюштурулуп, концерттик программа менен коштолду.

Мектепке келген конокторго чакан программадагы ыр жана бийлер тартууланды. Андан соң милиция кызматкерлери тарабынан окуучулар менен жолугушуу уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери өспүрүмдөрдү мектеп рэкетчилигинен, топтошуп мушташуудан, тамеки тартуудан жана спирт ичимдиктеринен алыс болууга чакырышты.

Мындан тышкары, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана улуттар аралык мамилени чыңдоо максатында спорттун волейбол, кичи футбол, гиря көтөрүү, аркан тартыш түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлгөн. Таймаштарга Т.Балтагулов айыл аймагына караштуу 6 орто мектептин окуучулары катышып, жеңүүчүлөргө кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Соңунда милиция кызматкерлери мектеп окуучуларын мекенди сүйүүгө, спорт менен дени сак жашоо образын түптөөгө чакырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×