Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Нарын облусуКочкор району 02.12.2019 16:49 На русском

Кубакыда уран кенин иштетүүгө каршы чыккан активисттер түлөө өткөрүштү

Turmush -  Кубакы ашуусунун аймагында «Кыргыз Республикасында геологиялык изилдөө, гелогиялык чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө байланыштуу иштерге түбөлүккө тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы Жогорку Кеңеште үч окуудан кабыл алынгандыгына байланыштуу «Уранга каршы» уюштуруу тобу тарабынан түлөө өткөрүлдү. Иш-арага Жогорку Кеңештин уран, торий кендерин казууга, чалгындоого түбөлүккө мораторий киргизүүнү көтөрүп чыккан депутаттары чакырылган. Андан сырткары Кочкор, Тоң райондорунан, Балыкчы, Бишкек шаарларынан Аксы, Талас райондорунан чогулган өкүлдөр катышты.

Алгач 1916-жылдагы Үркүндө курман болгондордун эстелигинин алдында куран окулуп, «Манас» эпосунан үзүндү айтылды. «Уранга каршы» уюштуруу тобунун башчысы Марат Акатов элдин жардамы менен уран казууга биротоло тыюу салынганы, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары мыйзамдын кабыл алынышына зор салым кошушканын белгиледи.

Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы турган активисттерге «Уранга каршы» тобунун ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Жогорку Кеңештин түлөөгө чакырылган депутаттарына да ыраазычылык каттар даярдалганы айтылды.

Түлөөгө кеткен чыгымды уранга каршы турган эл өзү чыгарган.

Буга чейин Кызыл-Омполдогу уран кенин токтотуу талабы менен Кочкор, Тоң, Ысык-Көл райондорунун, Балыкчы шаарынын тургундары бир нече жолу акцияга чыгышкан. Уран, торий кендерин казууга, чалгындоого түбөлүккө мораторий киргизүү демилгесин көтөрүп, 10 000 адамдын колун топтоп, президентке, Жогорку Кеңешке, өкмөткө кайрылуу жолдошкон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×