Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 02.12.2019 15:28

Кара-Көлдө өткөн ачык турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Кара-Көл шаарында ачык турнир жыйынтыкталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Спорттук иш-чара жазуучу Ч.Айматовдун туулган күнүнө, 22-декабрь — Энергетиктердин күнүнө жана Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата өткөрүлдү. Анда катышуучулар волейбол, шахмат, ордо жана стол тенниси боюнча күч сынашты.

Волейбол боюнча мелдешке 7 команда катышып, 1-орунду ээлеген Токтогул ГЭСтер Каскадынын командасы 5 миң сом сыйлык, медель, диплом менен сыйланышты. Шахмат боюнча мелдештен 1-орунду Б.Ысабаев ээлеп, 3 миң сом жана диплом менен сыйланды. Ордо боюнча мелдештен №2 Ч.Түлөбердиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинин командасы биринчиликти багындырып, 3 миң сом, медаль, дипломдор менен сыйланышты. Стол тенниси боюнча 1-орунду Ж.Кийизбаев ээлеп, 2 миң сом жана диплом менен сыйланды.

Ачык турнирдин байге фонду 43 миң сомду түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×