Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Чүй облусу, Токмок 02.12.2019 14:43

Токмокто жаштар иштери боюнча консультативдик кеңеш түзүлдү

Turmush -  Токмок шаарында жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин алгачкы жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Консультативдик кеңештин курамында «Жаш аракет» долбоорунун, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, студенттер жана башкалар бар. Жыйындын күн тартибинде эки маселе каралды: аталган кеӊештин төрагасын, анын орун басарын, жооптуу катчысын шайлоо жана кеӊештин регламентин кабыл алуу.

Ачык шайлоонун жүрүшү менен А.Шашибеков төрага болуп шайланды. Анын орун басары болуп М.Лайчинова, жооптуу катчысы болуп мэриянын адиси Жаныбек Чечейбаев дайындалды. Андан кийин кеңештин регламенти кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×