Таластын Нылды айылында 150 орундуу мектептин курулушу башталды
Turmush - Бүгүн, 2-декабрда Манас районунун Нылды айылында башталгыч класстар үчүн курула турган 150 орундуу мектептин имаратына капсула салуу аземи өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 10 млн сомдук имарат 2020-жылы сентябрь айында ишке берилет. Капсула салуу иш-чарасына парламенттин спикери Дастан Жумабеков баш болгон чиновниктер, жергиликтүү тургундар катышты.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком