Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Ош облусу, Ош 02.12.2019 13:28

Ошто журналист мэриянын үстүнөн прокуратурага арыз жазды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Журналист Гүлзат Газиева Ош шаарындагы муниципалдык менчиктеги жер боюнча материал даярдап жатып, маалымат алуу үчүн Ош шаардык мэриясына кайрылган. Бирок журналист мэрия тарабынан берилген жоопторго канааттанбай, шаардык прокуратурага арыз менен кайрылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын айтымында, мэрия анын кат жүзүндөгү кайрылуусуна толук жооп берген эмес.

«Менин суроолорума кыска гана жооп беришти. Мен жооптор толук эмес экенин айтып, экинчи ирет кайрылганда алар маалыматтар сыр экенин, жетекчилик макул болсо, жооп беришерин билдиришти. Негизи мен жашыруун маалымат деле сураган эмесмин. Мэриянын аракетин маалымат алуу укугун чектөө деп гана түшүнүп, арыз жаздым», - деди Г.Газиева

Ал эми Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун айтымында, Гүлзат Газиева аларга журналист катары эмес, шаар тургуну катары кайрылган.

«Гүлзат Газиева 25-октябрь күнү Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына шаар тургуну катары арыз менен кайрылган. Кызматкерлер өз убагында жооп беришкен. Учурда кызматтык иликтөө башталды, эгер журналистке жооп берген кызматкер өз ишине шалаакылык мамиле жасаса, анда чара көрүлөт. Коомчулукка чыга турган, чыкпай турган маалыматтар болот», - деди А.Абсаттаров.

Ош шаардык прокуратурасынын маалыматына караганда, учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×