Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Нарын облусу, Нарын 02.12.2019 11:50

Нарын шаарындагы жаштар спорттук мелдештерде күч сынашты

Turmush -  30-ноябрда Нарын шаарында 10-ноябрь — Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата спорттук мелдештер уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага мекеме-ишканалардын 18 жаштан 28 жашка чейинки курактагы кызматкерлеринен турган 8 команда катышты. Мелдештер эки күнгө созулуп, жигиттер кичи футболдо, кыз-келиндер волейболдо күч сынашты.

Эркектер арасында өткөн кичи футболдун жеңүүчүлөрү:

- 1-орун — Нарын райондук ички иштер бөлүмү;
- 2-орун — Нарын облустук кайгуул-күзөт кызматы;
- 3-орун — Нарын шаардык мэриясы;
- 4-орун — Нарын облустук жалпыга маалымдоо каражаттарынын командасы.

Кыздар арасында өткөн волейболдун жеңүүчүлөрү:

- 1-орун — Нарын облустук бириктирилген ооруканасы;
- 2-орун — Нарын медициналык колледжи;
- 3-орун — Нарын облустук казыятынын алдындагы медресе;
- 4-орун — Нарын облустук жалпыга маалымдоо каражаттарынын командасы.

Спорттук иш-чаранын байге фондусу 50 миң сомду түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×