Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Баткен облусу, Баткен 02.12.2019 11:30

Баткенде тез тамактануучу жайлардын өрттөн сактануу мүмкүнчүлүктөрү текшерилди

Turmush -  Бүгүн, 2-декабрда Баткен шаарында тез тамактануучу жайлардын өрттөн сактануу мүмкүнчүлүктөрү текшерилди. Бул тууралуу Баткен шаары жана Баткен районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары Адилбек Гыязов билдирди.

Анын айтымында, шаардагы онго жакын тамактануучу жайларда газ менен иштөөдөгү талаптардын сакталышы каралды. Жыйынтыгында бардык жайларда коопсуздук эрежелери сакталбай жаткандыгы такталды. Жумушчуларга кырсыктарды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×