Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ысык-Көл облусуТүп району 30.11.2019 23:44

Жаш талант: Азыр президентмин, чоӊойгондо бизнесмен болом, - 9 жаштагы Даниел

Turmush -  Түп районундагы Түп айылынын тургуну Мекен Өмүрзаковдун уулу, 9 жаштагы Даниел менталдык арифметика боюнча машыгып, өткөн жылы Түркиянын Анталья шаарында өткөн сынакка катышкан. Мелдеште 20 мамлекеттен барган 500гө жакын окуучу менен күч сынашып, өзү курактуу балдар арасында баш байгени жеӊген.

Даниел Түркияга барып келгенден кийин туура кесип тандоого максат коюп, кыялын ишке ашырууну көздөөдө.

«Мен биринчи жолу алыс жакка ата-энемсиз мугалимим менен сапарга чыктым. Менталдык арифметика боюнча Түркияга жолдомо алганымда алгач өзүмө ишенип-ишенбей кеткем. Ал жактан 2 күн күч сынашып, өзүмө ишеним келе баштады. Анан эле жеӊүүчүлөрдү сыйлоо аземи башталып, 3-2-1-орундар тапшырылып, менин атым чыкпай калды. Утулуп калган турбаймынбы деп ыйлап, эшикке бети-колумду жууганы чыгып кеткем. Кайра келсем, мага баш байгени тапшырышты. Чындыгында чет мамлекет биздин өлкөгө салыштырмалуу алдаганча өнүгүптүр. Келечекке болгон көз карашым өзгөрдү. Азыр мектепте классташтарымдын президентимин. Эми жакшы окуп бизнесмен болууну кыялданып жатам», - деди Даниел.

Апасы Үмүт Орозбекованын айтымында, баш байгени жеӊүү үчүн 3 ай даярданып, ийгилик жаратканын айтат. Учурда А.Карымшаков атындагы орто мектепте 4-класста окуган Даниелди достору менен жакшы алака түзүүгө, өзүн дайыма жөнөкөй алып жүрүүгө үндөйт.

«Үй-бүлөдө 4 балабыз бар болсо, Даниел экинчи уулубуз. Кичине кезинен эле зирек болуп чоӊоюп, мектепке баргандан бери классына президент болуп шайланган. Уулубуздун келечеги үчүн эч нерсеге чек койбойбуз. Ѳткөн 2018-жылы сентябрь айында менталдык арифметика боюнча ийримге катышып, 3 айда бул жактагы атаандаштар арасында жакшы жыйынтык көрсөттү. Анан ноябрь айында дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алып, Антальяда өткөн сынакка катышты. 20 мамлекеттин ичинен баш байгени жеӊип алды. Ата-эне катары балдарыбыздын ийгилигине кубанып отурабыз. Азыркы тапта чет тили боюнча кошумча билим алууга шарт түзүп берүүдөбүз», - деди Ү.Орозбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×