Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 29.11.2019 11:37

Ак-Талаадагы 6 баланы атасыз калтырган каргашалуу түн же Ч.Салыкееванын тагдыры

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүндө милиция кызматкери болуп иштеп, кылмышкердин огунан каза болгон Самүдүн Орозбаев тууралуу жубайы Чүрөк Салыкеева айтып берди.

Орозбаев Самүдүн Тасмаевич 1956-жылы 23-февралда Байгөнчөк айылында туулган. Жубайы Чүрөк Салыкеева райондук ооруканада эмчи айым болуп эмгектенген. Алар 2 уул жана 4 кыздуу болушкан.

Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмү тарабынан берилген маалыматка таянсак, маркум С.Орозбаев 1992-жылы РИИБдин убактылуу кармоочу жайынын милиция кызматкери болуп иштеп турган. Ушул жылы 16-августка караган түнү К.К. аттуу адам Куруучулардын күнүндө майрамдап, андан соң мас абалда мылтык менен кошуналарын кубалап, үйүндө чыр салып жатканы тууралуу билдирүү нөөмөт бөлүмүнө келип түшөт. Ошол учурда РИИБдин нөөмөт бөлүмүндө күзөттө турган С.Орозбаев кылмыштын алдын алуу жана болтурбоо максатында аталган кишинин үйүнө барат. Ошондо К.К. аны атып жиберет. Анын кесепетинен милициянын ага сержанты С.Орозбаев ооруканага жетпей каза болгон.

«Ошол жылы Баетов айылынын борборунда 2 чоң универсалдуу дүкөн курулган. 16-августта дүкөндөрдүн ачылыш аземи болмок. 15-августта жолдошум тамак ичип отуруп "эртең кооз көйнөктөрүңөрдү кийип даяр тургула. Силерди көчөгө алып чыгып майрамдатам" деп күзөткө кеткен. Эртеси балдарымды ойготуп, кийимдерин даярдап койдум. Андан кийин башымды жууп алайын деп жатсам үйдү көздөй көп адам келе жатыптыр. Эң биринчи эле Карыбек аке (милициянын ардагери) киргенде жүрөгүм бир жамандыкты сезди. "Мага эч нерсе айтпагыла" деп качтым. Ошончо эл коё бермек беле. Жолдошумдун өлгөнүн угузушту. Сөөгү жерге берилди. Кийин укканыма караганда, ошол түнү жолдошум 3-4 милиционер болуп кылмышкердин үйүнө барышыптыр. Ошондо кылмышкер күйөөмдү табарсык жакка атыптыр. Ок күрөө тамырына тийип, кансырап калыптыр. Тез жардам унаасына салганда унаа канга толуп, сыртка чейин агыптыр. Ооруканага кирери менен үзүлүп кетиптир. Сөөгүн өлүкканага алып киришип, медициналык экспертиза жүргүзүшүптүр.

Мен болсо эч нерсе билбейм. Эртең менен кирип-чыгып, жолдошумду күтүп жаткам. Көрсө жолдошумдун каза болгонун кошуналарым эчак эле угуп, менин кирип-чыгып жатканымды көрүшүптүр. "Карасаң, байкуш күтүп жатат" дешип зээндери кейип, мага боору ооруп, аңдып турушуптур. Угузганда мен "жолдошумдун кантип өлгөнүн сурайын, коё бергиле" деп кыйкыра бериптирмин», - деди Чүрөк эже.

Жолдошу каза болгондон кийин 6 баласы менен жалгыз калган Чүрөк Салыкеева бир топ кыйынчылыктарга туш болгон.

«Жолдошум Самүдүн экөөбүз 1978-жылы 19-февраль күнү баш кошконбуз. 2 уул, 4 кыздуу болдук. Жолдошум каза болгон жылы эң кичүү уулубуз 9 айлык бала болчу. 1992-жылы төрөп, декреттик өргүү алып, үйдө болчумун.

15-августта кечке жуук жолдошум жанына жаш милиция кызматкерин ээрчитип келип, бир чоң чыныдан тамак, андан кийин жарма ичишкен. Самүдүн ошол учурда күндөгүдөн башкача болуп, балдарынын баарын өөп чыкты. Эң кичүү уулубуз эмгектеп, андан улуурак кызы там-туң басып жүргөн. Экөөнү эки тизесине отургузуп, кыямга нан малып, аны балдарынын оозуна салып эркелетти. Андан кийин жанындагы кесиптеши экөө сыртка чыкты. Унаасын артка жай айдап бара жатып, улам-улам сигналын баскылап алып кеткен.

Ошол учурда союз кулап, эл эмне кыларын билбей турган. Мага да абдан оор болду. Чачым 40 жашка чыга электе эле аппак болуп кетти. Анан да аябай арыктап кеттим. Балдарым кечинде тамак ичсе, "ырысы жоктор, атаңар жок кантип тамак ичип жатасыңар?" деп жатып алып ыйлайм. Алар бала да... Сабакка барып-келишет, ары-бери чуркап ойношот. Чарчап укташат. 6 баламды кыдырата жаткырып, андан кийин мен барып жатам. Үй муздак. Түндүн бир убагына чейин ыйлап, уктай албай, ары-бери басып үшкүрүнөм. Таң атпайт же кеч кирбейт. Ошентип кыйналып жүрдүм», - деди ал.

Жолдошу каза болгондон кийин анын мүрзөсүнөн алыс кете албай, 20 жыл бою Ак-Талаада жашаган.

«Өзүм кочкорлукмун. Жолдошум каза болгон учурда 34 жашта гана болчумун. Жолдошумдун жылдыгы дагы өттү. Эми эмне кылам деп ойлонуп, кайра ооруканага барып иштеп калдым. Балдарымды бала бакчага албай коюшту. Аларды үйгө калтырып коюп ишке кетем. Иште отуруп, балдарымды ойлоп сарсанаа болом. Иштебей коёюн десем бизге ким каражат берет? Ошентип жүрүп 1 ай гана иштедим.

Бир жолу бир тууганым Кытайдан курткаларды алып келиптир. Мага 12 куртка берди. Аларды сатып, бир аз каражат таап алдым. Андан кийин "муну дагы сатып акча кылып алыңыз" деп 50 литр тамак-аш майын алып келип берди. Аны дагы уулум экөөбүз көчөгө алып чыгып саттык. 1993-жылы рубль сомго алмашты. Бир тууганым "айлыгың менен балдарыңды бага албайсың, андан көрө соода кыл" деп кеңеш берди. 13-май күнү ооруканага айлыгымды алууга бардым. Кассадан айлыгымды 18 сом 60 тыйын дешти. Ал каражатты укканда "балдарымды кантип багам?" деген ой келип, эс-учумду жоготуп жыгылып калыптырмын. Тез жардам кызматы келип, калыбыма келтиришиптир. Ошону менен ооруканадагы жумуштан чыгып, соодага өттүм.

Ал эми мамлекет тарабынан балдарыма гана жөлөк пул чектеп беришти. Башка эч кандай жардам берилген жок. Мен дагы жардам сурап кайрылган жокмун. Кыргыз милициясынын 70 жылдыгы болуш керек. Аскар Акаев иш учурунда каза болгон милиционерлердин жубайларын сыйлоого чакырыптыр. Үйүмө милиция кызматкерлери келиптир. Мен бир күн кечке эшикти илип алып, "силерди көргүм келбейт" деп үйдөн чыкпай койдум. Күүгүм киргенде келгендер "эже, ачып коюңузчу" деп ыйлап жатып ачтырышып, мени Бишкекке чоң чогулушка алып кетишти. Ошондо өлкө боюнча иш үстүндө каза болгон 6 гана милиция кызматкери бар экен. Чоң ресторандардын биринде бизди А.Акаев сыйлап, конвертке салынган 7 600 сом жана табигый гүл берди. Өлбөгөн адамга жаз келет дегендей, азыр кудайга шүгүр. Уул-кыздарым чоңоюп, небере жытын жыттап, жакшы жашоодо жашап жатам», - деди ал.

Ч.Салыкеева учурда Бишкек шаарында жашайт. Уул-кыздары: Мээрим Орозбаева 1980-жылы, Тимур Орозбаев 1982-жылы, Медина Орозбаева 1983-жылы, Самүдүн кызы Наргиза 1986-жылы, Мальвина Орозбаева 1989-жылы, Самүдүн уулу Марлис 1992-жылы туулган.

Ал эми С.Орозбаевдин ысымы Баетов айылындагы көчөгө ыйгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×