Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 28.11.2019 16:41

«Эмаком» компаниясы эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң программадагы концерт өткөрөт

Turmush -  «Эмаком» курулуш компаниясы Ош шаарында чоң программадагы концерт өткөрөт. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Учурда «Эмаком» курулуш компаниясы жаңы жылдын алдында кардарлары үчүн чоң программадагы концерт уюштурууга даярданууда. Буга чейин аталган компания өздөрү куруп жаткан көп кабаттуу үйлөрдөн батир сатып алгандардын арасында лотерея ойнотуп жатканын жарыялаган. Лотереянын жеңүүчүлөрү дал ушул концертте аныкталат. Бактылуу билеттин ээлерине үй тиричилигине керектүү техникалар: кир жуучу машина, муздаткыч жана башка баалуу белектер тапшырылып, эң башкы белек — «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаанын ачкычы ыйгарылат. Чоң программадагы шоу-концертке эстрада жылдызы Гүлжигит Сатыбеков баштаган ырчылар жана башка өнөрпоздор катышып, конокторго жагымдуу маанай тартуулашат.

WhatsApp Image 2019-11-28 at 15.52.37

Концерт 22-декабрь күнү Ош шаарындагы «Кыргызстан» кинотеатрында саат 12:00дө башталат. Кирүү акысыз.

Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш номурлары:

0771 442244,

0551 442244,

0505 442244,

0775 442244,

0770 442244,

0776 432088 (WhatsApp).

«Эмаком» курулуш компаниясынын дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү №306 жана А.Масалиев проспектиси №25А

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×