Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 20.11.2019 11:06 Жаңыланды: 20.11.2019 18:32

Сулуулар сынагын жеңип, модель болуудан баш тарткан погончон айым Уулкан

Turmush -  «Погончон айым» рубрикасынын кезектеги каарманы — милициянын ага лейтенанты Уулкан Абдинабиева. Ал Жалал-Абад облустук ЖККК бөлүмүндө иштеген жалгыз айым. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

32 жаштагы жол көзөмөлдөөчү Уулкан Абдинабиеванын айтымында, Баткен облусунда туулган. Кичинекей кезинде эле бул тармакта иштесем деп кыялданчу. Мектепти аяктаган соң жумушу боюнча Баткен облусуна которулуп барган болочок жолдошу менен таанышып, кийин ага турмушка чыккан.

Өзүнүн эмес, жакындарынын каалоосу менен Ош шаарындагы медициналык окуу жайга барып, мээрман айым адистиги боюнча билим алган. Окуусун аяктагандан кийин кесиби боюнча иштеген эмес.

«Кайын журтумдун колдоосу менен мээрман айым адистиги боюнча билим алдым. Эртең менен окууга жөнөп, түштө келип баламды эмизип коюп, кайра сабакка барчумун. Ал учурда кайын атам Ош облусунда сот болуп иштеп жүргөндүктөн алар менен бирге жашадым. 2007-жылы мээрман айым адистигине ээ болдум, бирок бул кесип менен иштеп кете алган жокмун. Мен ички иштер органдарында иштөөнү кыялданчу элем. Жолдошум ички иштер органдарында күзөт тармагында иштегендиктен менин эңсөөмдү орундатууга жардам берди.

2007-жылы Эргеш Алиев атындагы ИИМдин Академиясына барып, аны 2012-жылы аяктадым. Алгач Баткенде ички иштер органында иштеп жүрдүм. 2014-жылы январь айында Жалал-Абад шаардык ЖККК бөлүмүнө жол көзөмөлдөөчү болуп которулдум. Ошол учурдагы жетекчилик мени шаардагы борбордук көчөгө бөлдү. Биринчи жолу жумушка киришкенде элдин көз карашы башкача болду», - дейт У.Абдинабиева.

Анын айтымында, формачан жол көзөмөлдөөчү айымды көргөн айдоочулар ага жылуу сөздөрүн айтышкан.

«Элдин таң калып караганы мени бир топ ыңгайсыз кылды. Биринчи жолу соода борбор тарапта турганымда унаа айдап бара жаткан эже мени карап жатып, тосмону сүзүп алыптыр. Ага барсак, «формачан кызыңарды карайм деп алаксып кетип, тосмону сүзүп алдым» деп айтты. Жол эрежесин бузганын түшүнгөндөн кийин айыбын төлөп кеткен. Ошол окуя эсимде калыптыр», - дейт жол көзөмөлдөөчү.

Ал 2014-жылы ички иштер органдарында иштеген айымдар арасында өткөн «Погончон сулуу» сынагына катышып, Жалал-Абад ОИИБдин намысын коргогон.

«Жетекчилик бул сынакка катышууну сунуштады. Башында өзүмө ишенбей, облустун намысын коргой аламбы деп жүрдүм. Таланттуу кыздар көп деген ойлордон улам сынакка катышуудан баш тартып койдум. Экинчи жолу сунушташканда жолдошума айтсам, ал: «балдар кичинекей, кыйналасың» деп болбой койду. Аны кайын атам угуп калып, мага колдоо көрсөттү. Алар «балдарды бизге таштагыла, биз карап турабыз» дешти. Ошентип, 4 жана 9 жаштагы балдарымды кайын атам менен кайын энеме таштап, борбордо сынакка даярданып жүрдүм. Бизди бир айдай даярдашты. Ага жалпы 7 кызматкер катышып, жыйынтыгында мен 1-орунду алдым.

Кесиптештерим, жакындарым, кайын журтум дагы сүйүнүштү. Бизди сахнага даярдоого моделдик агенттиктер да көмөк көрсөтүп жүрүшкөн. Сынактан кийин эки моделдик агенттиктен бирге иштешүү сунушу түштү, бирок үй-бүлөм жана жумушум үчүн андан баш тарттым. Аялзаты үчүн биринчи кезекте үй-бүлөнүн бекемдиги маанилүү деп ойлойм», - деди ал.

Ал бул тармакты тандагандан кийин иш аялзаты үчүн оор деп айтуудан оолак болушубуз керек деп эсептейт.

«Жолдошум ишенип, колдоп турганда жумуштагы кыйынчылыктар деле билинбейт. Ишимди жакшы көргөндүктөн түйшүктү деле сезбейм. Бул тармакта иштөөнү өзүбүз тандагандан кийин коюлган милдеттерди бирдей аткарышыбыз керек деп эсептейм. Жол кырсык катталды дегенде эле жүргүнчүлөрдүн амандыгын тилейм. Жаш балдар катышкан кырсыкты көргөндө эне катары жүрөгүм ооруйт. Эч ким кырсыкка кабылбасын деп тилейм», - дейт милициянын ага лейтенанты.

Уулкан айым жолдошу Жалил экөө 14 жана 9 жаштагы эки уулду тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×