Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Чүй облусуСокулук району 12.11.2019 09:29

Жатыны сыртка чыгып калган уй. Окуя учурундагы видео

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы мал доктурлар туут маалында жатыны сыртка чыгып калган уйду аман сактап калышты.

Мал доктур Азамат Көчөрбаевдин айтымында, мындай окуя алардын практикасында болуп келген.

«Мал ооруса, адам ооруйт деген сөз бар. Анча мааниге алынбаган мал доктурлук кесип биздин жашообузда чоӊ роль ойнойт.

Бул уй тууганда абдан кыйналып, жатыны сыртка чыгып калган экен. Биз кесиптештерим болуп өз убагында куткарып калдык. Анын жатынын тазалап, медициналык ыкма менен кайра ордуна салдык. Бул практикада болуп келген көрүнүш. Эми бул уйду дарылап туруш керек», - деди ал.

Эскертүү! Видеону нерви жукалар көрүүгө болбойт!

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×