Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Ош облусу, Ош 11.11.2019 15:24 На русском

Ошто тойго кетчү акчага турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө көмүр, азык-түлүк таратышты

Turmush -  Кечээ, 10-ноябрь күнү Ош шаарындагы ресторандардын биринде өзгөчө той өттү. Баш кошуп жаткан эки жаш тойго кетчү чыгымды турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө жардам катары беришти. Бул тууралуу жаш үй-бүлөнүн досу Илгиз Шамырзаев билдирди.

25 жаштагы Нургазы Нурлан уулу кайрымдуулук фондунда иштейт. Ал баш кошуп жаткан жубайы менен тойго кетчү чыгымды турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө көмүр, азык-түлүк катары бөлүп берди.

«Тойго каттоо социалдык тармак аркылуу жүргүзүлгөн. Ага эки жаштын туугандары, достору болуп 500дөй конок келди. Катталбаган 50-60 адам да кошулду. Тойго Ош шаарынын казыятынын өкүлдөрү, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков катышты. 2,5 саатка созулган тойдо үй-бүлөгө ысырапкорчулук тууралуу кеңештер, акыл-насааттар айтылды. Ошондой эле китептердин көргөзмөсү уюштурулуп, көпчүлүгү китеп сатып алышты», - деди Илгиз Шамырзаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×