Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 08.11.2019 12:37

Түптө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

Turmush -  Түп районунда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Түп райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Адыл Алдаяров митинг-реквиемди ачып, 1916-жылкы Үркүнгө жана Октябрь революциясынын 102 жылдыгына кеңири токтолду.

Иш-чарага Түп районунун акими Э.Жантаев баш болгон партиялык, советтик жана чарбалык иштерге активдүү катышкан ардагерлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери, аялдар жана жаштар кеңештеринин өкүлдөрү катышты. Анда ушул заманга чейин жеткирген ата-бабалардын басып өткөн жолдору даңазаланды.

Андан соң Үркүндө каза болгон жарандарга арналып курулган эстеликке барышып, куран окушту. Ошондой эле Кайкин атындагы мектебинин жанындагы В.И.Лениндин эстелигине барышып, Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнүн эскеришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×