Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Чүй облусуКемин району 08.11.2019 10:08

Кеминде ата-бабалар эскерилип, көк бөрү боюнча мелдеш уюштурулду

Turmush -  Кечээ, 7-ноябрда Боом капчыгайында 1916-жылдагы Үркүндө курман болгондорго арналып тургузулган эстеликке, Чоң-Кемин өрөөнүндөгү «Шабдан ата» мемориалдык комплексиндеги эстеликтерге гүлчамбар коюлуп, куран окутулду. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата уюштурулган. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тургундар катышты. Анын алкагында Кеминдеги Шабдан айылында көк бөрү боюнча мелдеш өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×