Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 08.11.2019 09:29

Айыл турмушу: Бакай-аталык Н.Сариева айылда тигүүчү болуп иштеп жатат (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын 41 жаштагы тургуну Нурзида Сариева 8 жылдан бери тигүүчүлүктү аркалап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, буга чейин Бишкектеги тигүү цехтеринде иштеген.

«Мен Бакай-Атанын Маданият айылынын кызымын. 1999-жылы Өзгөрүш айылына келин болуп келгем. Жашымда башка кесиптин ээси болом дечүмүн. Бирок турмуштук зарылчылыктан улам шартка карап тигүүчүлүктүн 2 жылдык окуусун бүтүп алып, 8 жылдан бери эмгектенип келем. Борбордо тигүү цехтеринде дагы иштедим. Ал жактан такшалууга жакшы мүмкүнчүлүк болду. Бүгүнкү күндө үйдө кийим-кечектин түрлөрүн тигем. Айымдар кийимди алмаштырып кийгенди жактырат эмеспи. Айымдардын кийимдерин көп тигем. Жаңы жылдык кечелерге карата майрамдык костюмдарды тигип жатам. Кездемени өздөрү алып келсе, кызмат акы 200 сомдон өйдө болот.

Тигүүчүлүктү аркалап калганыма өкүнбөйм. Такыр болбоду дегенде өзүмдүн балдарымдын кийим-кечегин тигип берип, үй-бүлөлүк бюджетке үнөм кылам. Айылдан тигүүчү деп таанышат. Тапкан каражатым үй-бүлөмдүн ичкен-жегенине жетет. Айына 10 миң сомдон өйдө табам. Алдыда айылга цех ачып, айымдар менен бирге иштесем дейм», - деди ал.

Нурзида айым 3 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×