Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 06.11.2019 15:21

Баткенде Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата иш-чаралар өттү

Turmush -  Бүгүн, 6-ноябрда Кызыл-Кыя шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айылындагы Баатырлар аллеясында тарыхый инсандарга арналган митинг өткөрүлүп, эстеликтерге гүлчамбарлар коюлду. Иш-чара Төрөбай Кулатовдун, Туяк ырчынын эстеликтерине гүл коюу аземи менен уланды. Саамалыкка шаардын жетекчилиги, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, студенттер, аксакалдар катышып, маркумдарга куран окутулду.

Баткен шаарында дагы Тарых жана ата-бабаларды эскерү күнү белгиленди. Иш-чарага облустун жетекчилиги, мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышып, мамлекеттик ишмерлер Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков, Апсамат Масалиев жана Мурат Салиховдун эстелигине гүлчамбарларды коюшту. Чогулгандар аларга багыштап куран окушту.

Ушундай эле иш-чара Лейлек районунун Исфана шаарында дагы уюштурулду. Саамалыкта мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун эстелигине гүлчамбарлар коюлду. Ага райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, коомдук ишкерлер, ардактуу аксакалдар, райондун акими катышты. Ата-бабаларга багышталып куран окутулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×