Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Чүй облусуЧүй району 06.11.2019 10:02

Бүгүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал

Turmush -  Бүгүн, 6-ноябрда Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен туман түшүшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы абдан төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 7…12° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 2…7° жылуу, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -1 сууктан…+4° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук болушу күтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×