Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Ош облусу, Ош 04.11.2019 16:35 Жаңыланды: 04.11.2019 18:50

«Өксүткөн махабат чыгармага айланат»: Чырдуу ырды жараткан Жолболду Алыбаевдин сүйүү баяндары

Обончу, ырчы Жолболду Алыбаев
Обончу, ырчы Жолболду Алыбаев

Turmush -  Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу Жолболду Алыбаевдин «Чолпонум» чыгармасы тууралуу бүгүнкү күнгө чейин түрдүү божомолдор айтылып келет. Кээ бирлери ыр автордун жетпей калган сүйүүсүнө арналган деп жүрүшөт.

Ырчы Жолболду Алыбаев Turmush басылмасына аталган ырдын тарыхы, өзүнүн балалык чагы, сүйүүсү, устаты Рыспай Абдыкадыров тууралуу айтып берди.

Бала кездеги сүйүү

- Өзгөн районунун Зергер айылында туулуп өскөм. 5 жашымдан баштап күү чертип, комузда жакшы ойночумун. Мектепте сынактарга катышып, ыр чыгарып, ырдап да койчумун. Рыспай Абдыкадыров болбогондо мен акын-жазуучу же төкмө акын болмокмун. Ошол убакта Рыспайдын гана ырлары ырдалып, жаштардын баары аккордеон ойноп калган. Анын ырлары комуздун күүсүнө түшпөгөндүктөн комузумду таштап, аккордеон ойногонго өтүп кеттим.

Жай айы. Кечке маал койлорду кезүүдөн айдап келе жаткам. Ал убакта электр жарыгы да жок. Коңшу айылдан бирөө батарейка менен иштей турган радиону иштетип калды. Бир убакта укмуштуудай үн менен «Түгөйүмө» деген ыр ырдалып баштады. Ордумдан жыла албай калдым. Ошол ыр менен Рыспайдын чыгармачылыгына «ашык» болуп, Рыспайды кумир тутуп калдым. Ал убакта жаңы чыккан ырлардын авторун, обонун ким жазганын айтып, жазып алгыла деп сөзмө-сөз окушчу. Мен да көчүрүп алып ырдап жүрдүм. 10-11-класста окуп жүргөндө райондук маданият бөлүмүнүн башчысы талантымды байкап, гастролго чыккан ырчыларга кошуп койду. Мектепти аяктаганда директордон документимди алып, сени Рыспай окуган окуу жайга алып барам деп Ош шаарына алып келди.

Балалыктагы сүйүүлөрүм да жоопсуз калган. 1-класстан 8-класска чейин классташ кызымды жакшы көрүп жүргөм. Ал сүйүүм да жоопсуз калды. Кошуна кыз менен сүйлөшүп, сүйүшүп жүргөнүбүздү ата-энелерибиз, айыл тургундары да билчү. 11-класста ага жолугууга барсам, намысыма тие турган сөздөрдү сүйлөп, баса бергем.

Рыспай жана алгачкы махабат

- Маданият бөлүмүнүн башчысы документимди Ош мамлекеттик педагогикалык окуу жайынын музыкалык факультетине тапшырды. Ал убакта бир орунга 6 абитуриент туура келчү. Рыспайдын эки ырын ырдап берсем, жакшы ырдайт экен, окуу жайга калтырбасак болбойт деп башка сынактардан көтөрмөлөп өткөрүшкөн. Бирок клубдук жана музыкалык бөлүм болуп, мени клубдук бөлүмгө өткөрүп коюшуптур. Окууга өттүм, эми Рыспайды көрсөм деген ой менен гана жүргөм. Окуунун башталганына эки жума болсо да ал (Рыспай) көрүнбөйт. Бир күнү досум экөөбүз окуудан чыгып, жатаканага бара жатканбыз. Базардын башынан төрт досум чыгып, Рыспайды достору менен базардын ичинен көрүшкөнүн айтышты. Издеп жөнөдүк. Базардын ичинде Рыспай эки обончу досу менен баратыптыр, биз алардын артынан түшүп алдык. Ашканага кирип, тамактанып отурушту. Досум экөөбүз да тамак алып, аларды тиктеп отурдук. Ал убакта сүрдөп, тартынып, жанына бара алчу эмеспиз. Бир жыл жанына жакындай алган эмесмин. Чыныгы музыкант болгум келип, клубдук бөлүмдөн музыкалык бөлүмгө которулуп, кайрадан 1-курска калып калдым. 2-курста окуп жатканда окуу жайдын чоң залында жаңы жылга карата концерттик программа даярдалып, ага катышып калдым. Өзүм обон чыгарып, мугалимибизге угузсам жакшы экен, ырдайсың деп калды. Бирок аккордеондо жакшы ойной албагандыктан, ары жакта кыздарга аккордеон чертип берип жаткан Рыспайды чакырды. Ал (Рыспай) ырды бир угуп эле обонго салып кетти. Агай экөөң даярдана бергиле деди. Жаңы жылга эки күн калган. Даярданалы десем Рыспай жок. Концерт башталды, студенттер залга батпай калган. Карасам Рыспай жүрөт, жанына бара албайм. Анан барууга туура келип, «Рыспай ага, баягы ырды бир кайталап коюшубуз керек» деп айтсам: «Аны унутуп калдым, өзүң эле ырдай бер» деп койду. Айла жок чоң аккордеонду мойнума илип алып сахнага чыктым. Биринчи жолу сахнага чыкканым үчүн сүрдөп, адашып, араң ырдап бүттүм. Эл кол дагы чапкан жок. Ачуум келип, ошондон кийин аккордеонду үйрөнө баштадым.

2-курста алгачкы, чыныгы махабатыма жолуктум. Окуу жаңы башталганда пахта теримге таланттуу балдардан чогулган топ концерттик программа коюп барчу. Декан мени бригадир-башчы кылып дайындап, 1-2-курстардан таланттуу улан-кыздарды тандап, чогулт деди. 1-курстан бою да, өңү-түсү, үнү да жакшы бир кыз ырдап калды. Пахта теримге жөнөдүк. 1-2 ай ошол жакта иштечүбүз. Ошол жакта жүрүп, ал кыз менен мамилебиз жакшы болуп кетти. Ал убакта 7-ноябрда чоң майрам болчу.

Үй-бүлөдө дагы жалгыз уул болгондуктан эртерээк үйлөн дешип, алып качып кетейин десем кыз да макул болду. Ала качып, ата-энемди кыздын туугандарынын алдынан өтүү үчүн Алайга жөнөттүм. Ал кыз Алайдын Кабылан-Көл деген айылынан болчу. Анын ата-энеси барган аксакалдарды жакшы кабыл албай, кызыбызды башкага кудалап койгонбуз деп кошунасынын үйүнөн эле кайра жөнөтүп жиберишиптир. Бирок кыз экөөбүз жашап калдык. Чогуу окууга барып, чогуу келчүбүз. Бирге 2,5 жыл жашадык. Бир уулдуу болдук, ал төрөтканада эле чарчап калды. Андан кийин кыздуу болгонбуз, ал дагы 5 айлык кезинде чарчап калды. Ага чейин каршы болуп жүргөн апасы андан бетер каршы болуп, күндө келип калды. Жубайым бир күнү шаарда жашаган агасынын үйүнө кетип, кайра келбей койду. Алып келүүгө барсам апамдардын ачуусун таратып коюп барам деди. Ошол бойдон мен Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайга иштегени кетип калдым. Бүтүрүү сынактарына келип, Жалал-Абадга алып кетейин десем: «Жок, эми баары бүттү, бактылуу бол» деди. Мен да куру намыска алдырып, макул деп баса бердим.

«Чолпонум» ырынын тарыхы

Бул ырда бирөөнүн атын, бирөөнүн затын колдондум. Ыр ажырашкандан көп жылдан кийин жазылган. «Чолпонум» ыры жарык көргөндө түрдүү ушактар болгон. Алайлык журналист «Чолпонумга жооп» деп ыр жазып, аны Абдивали Акимбеков ырдап, чыр ошондон башталып кеткен. Угушума караганда, мурдагы жубайымдын менден кийинки жолдошу аларды райондук, облустук сотко берген. Соттор чыгарма үчүн соттошкон болбойт деп, тынчып калышкан. Таш-короолуктар айтып калышат, ошол ырым ырдалганда эле чыр башталып, мурдагы жубайымдын жолдошу сыналгысынан бери сындырып койчу деп. Угушума караганда, ал жолдошу каза болуп калыптыр.

Чыгарманы жазууда XIX - XX кылымдагы төкмө акындардын чыгармачылыгына кайрылып, көп издендим. Аккордеон менен толтурган көрөңгөм азайып, комузга өттүм. Дүйнөлүк музыкалардан таасир алганыбыз менен ар бир улуттун элдик ырлары барынан жогору турганын билдим. Комуз менен экинчи бийиктигимди таптым десем болот. Чыгармачыл адамдардын жетпей калган, өксүткөн махабаты чыгармага айланат.

Ырдын обонун угуп көрсөм Барпынын «Мөлмөлүмүнө» окшошуп калыптыр. Жеңижоктун Көксулуусун, Кулмырзанын Аксаткынын, Токтогул Алымканды, Рыспайдын Алмашын дагы кошуп койгом. Ырды ырдай эле кабыл алган жакшы. Жакшы адамдар тууралуу жакшы ыр жаралды. Алгачкы сүйүү баары бир жүрөктө калат.

«Чолпонум» чыгармасына Рыспайдын берген баасы

Окуу жайда окуп жүргөндө Рыспайдын жаңы чыккан ырын биринчи жаттап, дароо ырдап чыкчумун. Студенттердей болуп көчөлөп жүргөн эмесмин. Бир күнү эшикти ичинен кулпулап, аккордеон чертип, Рыспайдын ырларын кыйкырып ырдап жатсам бирөө эшикти каккылады. Эшикти ачпай ырдай бердим. Андан бетер катуу ургулайт. Эшикти ачсам, ачуусу келип Рыспай турат. Сүйлөнүп кирип келип, аккордеонду алып, кана ырдачы деп калды. Аккордеондо укмуш ойночу, мен ырдап жаттым. 4-5 ырды ырдатып, мактап: «Сен биротоло мени ээрчип алба, өз жолуңду тап. Обондоруң да менин обондорума окшошуп жатат» деген. Ал убакта жаш экенмин, мени көрө албай жатат окшойт деп ойлогом. Кийин ойлосом, көрөгөч адам туура айтыптыр. «Чолпонумду» уккандан кийин: «Мына, эми Жолболду Алыбаев болдуң. Эми сени ээрчишет» деген.

Жубайым менен ажырашып, ичимдеги күйүт менен Жалал-Абаддагы окуу жайга иштегени кеттим. Окуу жайда кыздар өтө көп эле. Ал убакта кыздар акын-жазуучу, ырчы, кыскасы таланттууларды сүйүшчү. Ошолордун бири менен мамиле куруп, үйлөнүүгө туура келип калды. Ата-энемдин да, өзүбүздүн да жашообуз кыйындап, ата-энемдин жанына Өзгөнгө бардык. Алардын жашоосун оңдоп, кайра Жалал-Абадга келдик. Ал ортодон төрт балалуу болдук. Өзгөндүктөр үй куруп берип, районго кызмат кыл деп алып кетишти. Мурда артисттер гастролдоп, күндө майрам, күндө ыр болгон клубдун чаңы чыгып, маданиятка көңүл бөлүнбөй калган убак болчу. Ошол убакта Ош мамлекеттик университетине жумушка чакырып жатышкан.

Ош шаарына келип, жашаганга үй издеп жүргөндө аялымдан күнөө кетип, ал ушакка айланып, ажырашууга туура келип калды. 50гө чыгып калган убагым эле, неберелерим да бар болчу. Жыйган-тергенимди таштап, үйдөн чыгып кете бердим.

Анан уулунун ысымын менин атымдан койгон аялга үйлөндүм. Учурдагы жубайым менин чыгармачылыгымды сыйлайт, мени «Чолпонум» ыры аркылуу жакшы көрүп калыптыр. Жолдошу менен бир ай эле жашап, ажырашып, төрөлгөн уулунун атын Жолболду койгон. Атасы да жакшы ырдаган, карыганга чейин эле сынактарга катышкан киши болуптур. Жолболдуну бир көрсөм деп жүрүп өтүп кеткен дешет.

Азыркы жубайым менен 2000-жылы Ош шаарынын 3000 жылдыгында таанышып, мамилебиз уланып кеткен. Ал убакта ичкиликке да берилип калгам. Маданият кызматкерлери жашаган жатакананын бир бөлмөсүндө жашап жүргөм. Чогуу жашап калдык. Учурда кызыбыз бар, 10-класста окуйт. Аялым ичкиликти токтоттурду.

2003-жылы «Эмгек сиңирген артист» наамын алдым. Мэрия тарабынан белекке үй, жер алдым. Ага өнөрүмдүн арты менен жеттим, болбосо кайда жашайт элем деп ойлоп калам. Уулум Жолболду үйлөнгөн, мени менен бирге жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×