Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Ош облусу, Ош 21.10.2019 16:57 На русском

Курманжан датканын үйүндө учурда ким жашайт? Видео

Turmush -  Тарыхта Алай ханышасы деген ат менен таанылган Курманжан датка энебиз туулган Жапалак айыл аймагындагы Орке айылынын аталышы анын төртүнчү атасы Орке баатырдын атынан коюлган.

Быйыл Курманжан датка энебиздин 208 жылдыгы, Алымбек Датканын 220 жылдыгы Алай районунда белгилене турганы күтүлүүдө. Turmush басылмасынын кабарчылары Курманжан датканын жашаган үйү, урпактары тууралуу маалымат чогултту.

Курманжан датканын балалыгы өткөн үйдө учурда 95 жаштагы тууганы, санжырачы Шермат ажы жашап келет. Анын айтымында, анын бубасы (4-атасы) менен Курманжандын атасы бир тууган болгон.

«Орке баатырдын Акбий деген баласынын Темиркул, Назаркул деген уулу болгон.Темиркулдун баласы Курманжан датканын атасы Маматбай, ал эми Назаркулдан биз тараганбыз. Назаркулдун баласы Исмадияр, Исмадиярдын баласы Кожобий, Кожобийдин баласы менин атам Салибай», - деди ал.

Курманжан датка жашаган XIX кылымга таандык үй замандын талабына жараша өзгөрүп, Шермат ажынын балдары ордуна жаңы үй курушкан.

Курманжан датка Алымбек даткага турмушка чыккандан кийин 5 балалуу болушкан. Алар: Абдылдабек, Мамытбек, Асанбек, Баатырбек, Камчыбек.

«Алымбек датка Кокон хандыгында вазир болуп турганда Курманжан даткага үйлөнүп, 5 уулдуу болушкан. Алымбек датка көз жумгандан кийин Курманжан эжебиз датка болуп, 5 уулу тең ар облусту башкарып турган. Кийин Абдылдабек Ооганстанга качып, ошол жакта каза болгон. Курманжан датка каза болгондон кийин сөөгү өзүбүздүн Сармазар деген мазарга коюлган», - деди Шермат ажы.

Курманжан датка менен Алымбек датканын уулдарынын бардыгынын артынан туяк калган.

«Курманжан датка менен Алымбек даткадан тарагандар азыр Алайда, Кара-Сууда жашашат. Кийин Абдылдабектин уулу Инаят Оштогу насос заводду башкарып турган», - деп кошумчалады ал.

Курманжан датканын тууганы 95 жаштагы Шермат ажынын учурда 2 уул, 4 кызы бар.

Курманжан датканын кеңсеси болушу мүмкүн делген үйдүн тарыхы (сүрөт, видео)

Курманжан датка Алайдын жана Ош аймагынын башкаруучусу болгон. Муңгуш уруусунун Жапалак уругунан. Курманжан жаш кезинен эле өз оюн бетке айткан, акыл-эси башкалардан өзгөчөлөнүп турган, намыскөй кыздардан болгон. 17 жашка чыкканда атасы Маматбай кудалашып койгон 500 түтүндүү жоош уруусунун Төрөкул деген бийинин анча мааниси жок Кулсейит деген уулуна турмушка узаткан. Бирок күйөөсү көңүлүнө толбогон Курманжан мезгилинин катаал мыйзамына каршы туруп, бир жылдан кийин Үч-Таш жайлоосунан атасынын үйүнө келе берет да, үч жылча башы бош отуруп калат.

1832-жылы Курманжан 21 жашында адыгине уруусунун бийи Алымбек датка менен кокусунан жолугуп, көп узабай аны менен тагдырын кошкон. Аны менен 29 жыл бирге жашаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×