Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 21.10.2019 10:43

Кантта ийнеден коркуп качкан индустун окуясы эмне менен аяктады?

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата райондук поликлиникасында лаборант болуп эмгектенген Асел Ибраимова бала кезинен медицина кызматкери болууну эңсечү. Ал ийнеден корккон индус жигиттин окуясын айтып берди.

«Өзүӊөр билгендей, Кант шаарында Индия өлкөсүнөн келген студенттер көп. Алар дайыма биздин ооруканага анализ тапшырып турушат. Бир жолу индус жигит келип, кан тапшырам деп калды. Биз ийнени алып чыксак, «мен ийнеден корком» деп айтты. Биз тамаша кылып жатса керек деп, жанына ийне менен бардык. Ал дароо ордунан атып туруп, бакырып качты. Анан «мен чыдабайм, ооруйт» деп кыйкырып, бурчка барып жөлөнүп калды. Эки көзү тим эле алаӊдайт. Чоӊ эле кишинин мынчалык ийнеден коркуп качканы жаман көрүнөт экен. Бир чети күлкүбүз да келди. «Анализ алышыбыз керек, колуӊду бер» деп алдап, үчөөлөп жатып араӊ алганбыз», - деди ал.

Асел Ибраимова 1986-жылы 5-мартта Бишкек шаарында төрөлгөн.

«Негизи медицина кызматкери болууну бала кезден кыялдандым. Эмнегедир ак халат кийген эжелерди көрүп суктанчумун. №66 орто мектепте 11-класска чейин окуп, аны 2003-жылы аяктагам. Ошол эле жылы Бишкек медициналык училищага кабыл алындым. Аны 2006-жылы ийгиликтүү аяктадым. Бирок билим алууну ушуну менен гана токтотуп койгон жокмун. Училищаны аяктарым менен И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттин биология-химия факультетине бардым. Ошол эле учурда 2006-жылы төрөт үйүнө акушер болуп жумушка кирип, эмгек жолумду патология бөлүмүндө баштадым. Ошентип жумуш менен бирге окууну да улантып жүрүп, жогорку окуу жайды 2010-жылы артыкчылык диплом менен аяктап алдым. Андан соӊ 2012-жылы Ысык-Ата райондук аймактык ооруканадагы төрөт үйүнө которулуп кеттим. Ал жакта бир жыл иштеп, 2013-жылы ушул эле райондук оорукананын лабораториясына которулдум. Бул жерде дагы бир жылдай эмгектенип, 2014-жылы ушул эле райондук поликлиникасына которулуп, азыркы учурга чейин ушул жерде иштеп келем. Бул жерде мен клиникалык биохимияда лаборант болуп иштейм», - деди ал.

Асел Ибраимова үй-бүлөлүү, 3 баланын апасы.

«Жолдошум милиция кызматкери. Чүй ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын инспектору болуп эмгектенет. Экөөбүздүн Нурсултан аттуу уулубуз, Бегимай, Камила аттуу кыздарыбыз бар. Биз Кант шаарында жашайбыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×