Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Талас облусуТалас району 18.10.2019 15:29 На русском

Жеңеке: Д.Эсенбекова 4-кызын төрөгөндө жолдошунун айткан сөзүн унутпайт

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Талас районунун Кызыл-Туу айылынын 43 жаштагы тургуну Динара Эсенбекова. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал мектепти аяктагандан кийин эле турмушка чыккан. Жолдошу экөө бөлө болушат.

«Жолдошум Фархат Арзыбаев 1976-жылы Талас районунун Үч-Эмчек айылында туулган. Үй-бүлөдө жалгыз уул болгондуктан эрте үйлөнгөн. Мен жаңы келин болуп келгенде от жакканды билчү эмес элем. Тамак бышырганда Фархат от жагып берчү. Бир күнү от жагып жатканда экөөбүз ойноп кетип, жолдошумдун кийип жүргөн шымын күйгүзүп алдык. Аны апам көрүп калып, бизди урушкан эле. Дагы бир жолу суу чачышып ойноп жатып, мен үйгө кире качтым. Бир аздан соң кайын энем чыга калса жолдошум мен экен деп ойлоп, бир чака сууну куюп салган. Ошондо апамдын чочуп кетип, бизди урушканы эсимде. Жолдошум дайыма үй жумуштарына жардам берчү. Кайын энем дагы мени жаш деп аяп, болушуп турчу», - дейт ал.

Алар 4 кыздын жана 1 уулдун ата-энеси болушту.

«Төртүнчү кызымды төрөгөндө «Опять Дүрдана» деп айтканы эсимде. Анан бешинчиси эркек төрөлдү. Бирок бир дагы жолу «кыз төрөдүң» деп нааразы болчу эмес. Балдарды багышканда, үй жумуштарына жардам берчү. Конок тоскондо мен камыр жайсам, ал боорсокту бышырып берчү. Азыр кыздарыбыз чоңоюп, колубуз узарып калды.

Улуу кызыбызды турмушка узатып, жакында эле биринчи неберелүү болдук.

Тилекке каршы кайын энем 2007-жылы өтүп кетти. Ошондон бери жолдошум «менин апам сенсиң» деп тамашалап калат. Учурда борбордо тигүүчү цехтердин биринде иштейм», - деди Д.Эсенбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×