Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 15.10.2019 09:51

«Жардамга» деп чыңырып жатат»: Мектепте эжекесин жакшы көрүп калган окуучу (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Үрмарал айылындагы 6 жаштагы эгиздер Байэл менен Нурэл Надырбековдор шоктугунан улам көп тил угушат. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Нурэл: Мен үйдө эң кичүүсүмүн. «Эч нерседен тартынбаган, бышык баласың» дешет. Уялбай ырдап, бийлегенди жактырам. Мектептеги эжекем жагат. Мектепке дем алышсыз барып турсак дейм. Мага мектепке барган жагат.

Байэл: Экөө болгон жакшы. Нурэл мага көп жардам берет. Досторубуз көп. Мен көбүнчө атама, Нурэл апама жардам беребиз.

Апасы Азизат айым: Жолдошум экөөбүз мурун борбордо иштеп жүрчүбүз. Ошол жакта эгиз балдар бар болчу. Жолдошум аларды жакшы көрүп, «силердей эгиз балалуу болом» деп тамашалай берчү. Жолдошумдун тилегин кудай берди деп калабыз. Балдарыбыз бир тондуу болуп, бири ооруса экинчиси сөзсүз ооруйт. Улуусу Байэл 3 кг, Нурэл 2 кг 600 грамм болуп төрөлгөн. Аттарын ырымдап, жакшы инсандардан болуп чоңойсун деп чоң апасы койгон.

Улуусу бир аз уялчаак, Нурэл такыр тартынганды билбейт. Бирок экөө шоктук кылып менден көп тил угушат. Жакында экөө сабактан келгенде баш-көз болгонго эч ким жок болгондуктан үйгө камап, өзүм мектепке жумушка кетип калгам. Бир тууган эжелери келип калса алар эшикти ачып, бирге отура беришет деген ой менен кеткем. Эгиздер мен кеткенден кийин тынчы кетип, апам эмнеге кечигип жатат болду экен деп бөлмөнүн айнегин сындырып, жолдон өткөндөргө «жардамга» деп кыйкырып, чуу салышыптыр (күлүп). Тааныш эже мектепке барып, «балдарыңды көрө албадык, бирок «жардамга» деп чыңырып жатат» деди. Жүрөгүм түшүп чуркап келсем экөө терезеде отурат (күлүп).

Нурэл: Бизди көптөр алмаштырышат. Кээде «аттарыбызды таап алгылачы» деп тура беребиз. Апам «кийимдериңер окшош болсо дагы таанып, адаштырбай кийип аласыңар» деп таң калат. Бирок оңой эле таап алабыз.

Апасы: Бирөөсү бир жакка кеткенде экинчиси эгизинин качан келерин сурай бергенден тажабайт. Бирөөсү менен дүкөнгө барып калганда «түгөйүмө дагы алабыз» деп, бири-бирине башка бир туугандарына караганда боор тартып турушат.

Эгиздер үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүлөрү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×