Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 13.10.2019 10:25 Жаңыланды: 07.11.2019 23:25

Айыл турмушу: Ишкерчиликке дилгир Венеранын элеттеги эмгеги (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 29 жаштагы тургуну Венера Бактияр кызы 14 аялды иш менен камсыз кылды. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал тикмечиликти өз алдынча үйрөнүп, тигүү цехинде технолог болууга да жетишкен. Кийин бир тигүүчү машина алып, ишкерчиликти баштаган.

«Шаарда иштеп жүрүп жолдошум менен тааныштым. Кийинчерээк экөөбүз баш кошуп, айылга көчүп келдик. Балалуу болгондон кийин үйдө отуруп калдым. Цехте чогуу иштеген эжелер телефон чалып, «сен жакшы тигесиң, үйдөн деле иштей бер» деп калышты. Ошентип жолдошум бир тигүүчү машина алып берди. Бычылган кездемени салып жатышты. Баланы уктатып, үй жумуштарын жасап коюп, буйрутмаларды бүтүрчүмүн», - дейт Венера Бактияр кызы.

Ал айылдагы кыз-келиндерди дагы ишке тарткан.

«Жолдошум экөөбүз кеңешип, дагы 7 машина алдык. Буйрутманы көбөйтүп, айылдагы жумушсуз эжелерди ишке чакырдык. Анан жумуш сурагандар дагы көбөйдү. Мындан улам биз бизнес долбоор жазып, дагы 7 машина алдык. Учурда 14 кыз-келин иштеп жатат. Бул жерде иштегендер 10 күндө бир 10 миң сомго чейин эмгек акы алышат. Бул айылда бош отурган айымдар үчүн жакшы киреше болууда», - дейт 2 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×