Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 09.10.2019 17:53

Чырак менен күн көргөн Жазы-Кечүүнүн элине эмдиги жылы электр жарыгын жеткирүү пландалууда. Сүрөт

Turmush -  Базар-Коргон районунун Жазы-Кечүү айылына эмдиги жылы электр жарыгын жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу «Жалалабатэлектро» ААКтан билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-октябрда алыскы айылды электр жарыгы менен камсыз кылуу маселесин чечүү максатында көчмө жыйын өткөрүлгөн.

Жолугушуу учурунда төрага калкты электр энергия менен камсыз кылуунун 3 жолу сунушталды.

1. Айылдын өзүнө кичи ГЭС куруу;

2. Күндүн кубатынан электр жарыгын алуу;

3. «Жалалабатэлектро» ААК тарабынан аба чубалгыларды тартып келүү.

Талкуунун жыйынтыгында жергиликтүү тургундар тарабынан кичи ГЭС куруу сунушу колдоо тапты.

Маалымдалгандай, президент Сооронбай Жээнбеков тиешелүү жетекчилерге аталган айылга электр жарыгын жеткирүү тапшырмасын койгон. Жазы-Кечүү айылы Кыргызстандагы электр тогу жетпеген, жашоочулары көп айыл катары эсептелинет, бирок бүгүнкү күнгө чейин электр энергиясын берүү маселеси чечиле элек. Ошондуктан ушул маселени чечүү үчүн кичи ГЭСтерди куруу максатында атайын инвесторлор чакырылган. Жолугушуунун жүрүшүндө 30дан ашык үй-бүлөгө күндөн энергия алуучу күн чырактар тапшырылды.

Жазы-Кечүү айылына барган делегация менен бирге адистер кайсыл жерге кичи ГЭСтерди курууга болорун изилдешип, участкаларды карап чыгышты. Эксперттер алдын ала карап чыккандан кийин, 3-4 кичи ГЭС курса болорун билдиришти. Айыл ичине 400 кВт, эң кичинекей ГЭС куруп, калганы үчөөнө 25000 кВт каралышы мүмкүн.

Инвесторлордун белгилөөсүндө, 2020-жылдын сентябрь айында электр жарыгын берүү мүмкүндүгү бар. Бул айыл райондун борборунан 100 чакырым алыс жайгашкан. Жалпы 160 үй бар, анда 500гө жакын эл жашайт, айылда мектеп жана ФАП бар. Ал эми ушул айылдын четинде 36 түтүн отурукташкан, алар Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө карайт.

Буга чейин Turmush электр жарыгы жете элек Жазы-Кечүү айылы тууралуу жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×