Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусуКочкор району 09.10.2019 17:42

Айыл турмушу: Кочкордо тайганчы Т.Осмоналиев салбуурун өткөрүүгө даярдык көрүп жатат

Turmush -  Кочкордо мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата салбуурун оюну өткөрүлөт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга салбуурун оюнун өткөрүү боюнча уюштуруу тобунун мүчөсү Таалай Осмоналиев билдирди.

«Биз коомдук жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин урматына жана кыргыз тайганынын тукумун үзбөй сактап калуу, элге жайылтуу максатында — октябрь айынын аягында салбуурун оюнун өткөргөнү жатабыз. Кыргыз тайганындагы бардык сапаттарды бир тайганга чогултууга аракет кылып жатабыз. Куйругу чыгырык, эки кулагы төгүлүп турган (салаңдап), капталында анча жүнү жок, тыкыр жүндүү болот. Тайган күлүк, карышкырга кол салган, мүчөсү келишимдүү болсо, ушул сапаттар бир тайганга чогулса кыргыз тайганы десек болот.

Илгертен эле тайганды карышкыр, түлкүгө салып келишкен. Азыр тайганды тирүү жандыкка салууга тыюу салып туура эмес кылышты. Мурда оюндарда карышкыр, түлкүгө салдырчу. Азыр оюндарда чырга сүйрөтүп, ителги, бүркүттөргө далба тептирип калышты. Бул тайгандардын чыгаан, жүрөктүү, шамдагай болуп чоңоюшуна тоскоол болот. Оюндарда чырга сүйрөтүп, тери куудуруп, тайгандын күчүн кетирүүдө.

Ата-бабаларыбыз илгертен эле жаа атып, тайган салып аңчылык кылышкан. «Ит — төрөсү кумайык» деп Кумайык жана башка тайгандардын чыгаандыгын даңазалашкан. Бир тайган бир айылды багып келген. Кийинки кезде тайган десе эле билбей багып келгенбиз. Азыркы учурда эл мал менен жан багып жатканда тайгандын ролу зор. «Тайганды карышкырга салба» деп тыюу салуу туура эмес. Кыргыз тайганы малды карышкырдан, жырткычтардан сактайт. Кийинки учурда чөө, карышкыр көбөйүп, коомдук малга кол салып, малчыларга көптөгөн чыгымдарды келтирүүдө. Мындайда кыргыз тайганы малчыларга жакшы жардамчы болмок», - деди тайганчы.

Ал тайган багуунун сырларын айтып берди.

«Тайганды багууга келсек, негизинен эт менен багат. Май бербеш керек. Сүт берип, ортодо этти танбас үчүн тамак жасап, жарма, жугунду берип турса болот. Чырга сүйрөтүп, аны куудуруп таптап, өзгөчө көңүл буруу зарыл. Учурда тайгандарды көбөйтүү, сапатын жакшыртуу менен алектене баштадым. Азыр үйдө жети кыргыз тайганын багып, салбуурун оюндарына катыштырып жүрөм. Учурда Кочкор районунда тайгандардын саны 50дөн ашты. Дөң-Алышта 30 тайган бар. Алар кийинки кездерде оюндарга катышып, сапатына көңүл бура баштады. Ормон ханда 10, Кара-Сууда 5 тайган бар.

Мына буюрса Турдакун Усубалиев атабыздын 100 жылдыгына карата салбуурун оюнун өткөрүп алсак, кыргыз тайганын жайылтууга жол ачылат деп ишенем. Салбуурун оюнунда тайган салуу, бүркүт, ителги оюндары өткөрүлөт деп турабыз. Бул тууралуу райондогу бардык айыл аймактарынын башчыларына, салбуурун оюндарына катышуучуларга кабарлап жатабыз», - деди Таалай Осмоналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×