Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 09.10.2019 15:53 На русском

Кара-Суудагы чыр: Бала бакчада тартылган видеону белгисиз адам оңдоп, интернетке тараткан. Видео

Маалымат жыйындын катышуучулары
Маалымат жыйындын катышуучулары

Turmush -  Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Ишкаван айылындагы Ыкыбал Ахмадалиева атындагы мамлекеттик бала бакчанын тамак-ашы ата-эне тарабынан видеого тартылган. Бирок тартылган видеону белгисиз адам оңдоп, ютуб каналына жарыяланган. Ютубдагы видеодо тамакка эт кошулбаганы айтылган. Ал видеону Жаңыл Турдали кызы башка бир ата-эненин сунушу менен тартканын бүгүн, 9-октябрь күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ар жуманын шаршемби күндөрү бала бакчада ата-энелер үчүн ачык эшик күнү болот.

«Уулумдун тайпасындагы бир баланын апасы Рахат Алматова менен WhatsApp аркылуу сүйлөшкөндө, ал сенин үйүң бала бакчага жакын, ичине кирип, тамактарын көрүп чыкпайсыңбы деп калды. 3-октябрь күнү түшкү тамак учурунда тарбиячы уруксат берип бала бакчанын ичине киргизди. Ашканада жаңы бышкан тамактарын карап, видеого тарттым. Ашпозчу эт эми салынарын айткан. Жарым саат бала бакчада жүрүп чыгып кеттим. Үйгө барган соң Рахат Алматовага чалып, ал менден бала бакчага барып-барбаганымды сурады. Ага видеону жөнөткөм. Ютубга жүктөгөн эмесмин, менин жаман оюм жок болчу», - деди Жаңыл Турдали кызы.

Сөз болуп жаткан видео

Бала бакчанын жетекчиси Алтынбү Тургунбай кызы ютуб каналына жүктөгөн адам видеого Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын дагы кошконун билдирди.

«Аталган бала бакчага Ишкаван, Алай, Кызыл-Байрак, Жаңы-Чек конушунан балдар келишет. Бала бакчада учурда 140 бала тарбияланат. 1997-жылы аталган бала бакча иштебей калып, мектепте иштеп калгам. 2012-жылы бала бакча сатылат дегенде долбоор жазып, айыл тургундары да салым кошуп, бала бакчаны сактап калганбыз. 6 жылдын ичинде инфраструктурасын өнүктүрүп койдук.

Тамак-ашы видеого тартылганда эт салынып жатканы, нан, компоттор тартылбай, тамакты идишке куюп жаткан учур гана тартылыптыр. Этти грамм менен баарына тең салабыз. Видеону тарткан, тарттырган адамдардын максаты кандай экенин билбейм. ютубга видео жүктөгөн адам айыл өкмөт башчыны дагы жаман көрсөткүсү келген окшойт деп ойлоп жатабыз», - деди Алтынбү Тургунбай кызы.

Ал эми видеону тарттырган делген Рахат Алматова аны ютуб каналга ким оңдоп жарыялаганын билбей турганын айтууда.

«Ата-энелердин WhatsApp тайпасы бар, ошол жактан Жаңыл менин номурумду алып, жеке өзүмө нааразычылыгын айтып жазып калды. Ага чейин деле ата-энелер тамак берүү начар болуп жатат деп тайпага жазышкан, мен жетекчисинин өзүнө айткыла деп жазгам. Себеби жетекчиси өтүнүчүңөрдү келип айтсаңар болот деген. Бетине барып айта алышпай, тайпага жазышчу. Жаңыл тарткан видеосун тайпага жөнөткөн. Бирок видеону ютубга ким жарыялаганын билбейбиз. Видеого тарткан келиндин деле жаман ою болгон эмес. Ютубга жарыялаган адам табылса, жакшы болмок», - деди Рахат Алматова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×