Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 09.10.2019 15:30

Жалал-Абадда жол сакчылар окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөтүүдө

Turmush -  Жалал-Абад облусунун бардык аймактарында «Профилактикалык иштердин бирдиктүү күнү» аттуу иш-чара уланып жатат. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыктарын алдын алууну көздөгөн иш-чаралар облустук ЖККК бөлүмү тарабынан жүргүзүлүп жатат. Анда жол көзөмөлдөөчүлөр жалпы билим берүү мекемелеринде болуп, башталгыч класстын окуучуларына жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөтүп жатышат.

Ошондой эле, алар айдоочулар менен жолугушуп, автожол колледжинин курсанттары менен таанышып, жол эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×