Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 09.10.2019 15:06

Акын Т.Сатылгановдун эстелигинин айланасы улуттук стилде жасалгаланды (сүрөт)

Turmush -  Кара-Көл шаарында акын Токтогул Сатылгановдун эстелигинин айланасы улуттук стилде жасалгаланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, эстеликтин айланасына боз үйдүн керегеси тартылып, арты жагына 40 уукту кармап турган түндүк орнотулган. Мындан сырткары олтургучтар, таштанды тазалоочу үкөкчөлөр коюлган. Ал эми көптөн бери каралбай калган тротуар бетондолуп, арыктар иретке келтирилди.

Мэр И.Еркеевдин айтымында, аянтчада акын Токтогул Сатылгановдун эстелиги орнотулгандыктан аянтчаны улуттук стилде жасалгалоону туура көрүшкөн.

«Эстеликтин айланасы жаңы жасалгаланды. Ага жергиликтүү бюджеттен акча каралган эмес. Бардык иштер өзүбүздүн каражатка жасалып, жалпы 100 миң сом жумшалды. Аянтча жарыктандырылып, шаар тургундарына жакшы шарт түзүлдү», - деди ал.

Буга чейин Т.Сатылгановдун эстелигинин арты жагында Токтогул ГЭСтин сүрөтү, 4 саптуу ыр жазылган пано турчу.

Шаардын ардактуу атуулу, аксакалдар сотунун төрагасы Адыл Дарбишевдин айтуусунда, Т.Сатылгановдун эстелиги 1981-жылы Бишкектен жасатылып, «Энергетик» маданият үйүнүн капталына орнотулган. Акын Т.Сатылгановдун ысымы Токтогул ГЭСке ыйгарылып, эстелиги 38 жылдан бери маданият үйүнүн капталында турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×