Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 09.10.2019 14:18

Караколдо 33,5 млн сомго жасалган көчө пайдаланууга берилди. Сүрөт

Turmush -  Каракол шаарындагы Ж.Абдрахманов атындагы көчө капиталдык оңдоодон өтүп, расмий ачылды, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ачылыш аземге өкмөттүн облустагы өкүлү Акылбек Осмоналиев, Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов, шаардык кенештин депутаттары, жолчулар, шаар тургундары катышты.

«Жолду оңдоо иштери 22-июнда башталган. Мөөнөтүнөн бир жарым ай эрте бүттү. Шаардын 150 жылдыгына карата белек болду. Жол сызымдар чийилип, эки жол чырак орнотулду. Биз туризмди өнүктүрүүдө биринчи инфраструктураны жакшыртуубуз керек. Быйыл шаарда 4 жерде жолдор жасалып жатат», - деди өкүл.

Маалым болгондой, оңдоо иштерине республикалык бюджеттен 35 млн сом бөлүнүп, тендерден СМУТТ ишканасы 33 млн 553 миң 162 сом утуп алган.

Быйыл Коёнкозов атындагы көчөдөн К.Карасаев көчөсүнө чейин 670 метр жасалат. Анын туурасы 25 метр, асфальттын калыңдыгы 10 см болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×