Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусуНарын району 09.10.2019 14:12

Нарын районунда чакан ГЭС куруу иштери пландалууда

Turmush -  Нарын районунун Куланак айылында 100 мегаваттык ГЭС курулат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Нарын районунун Куланак айылынын аймагына Нарын суусунун жээгине 100 мегаватт кубаттуулуктагы чакан ГЭС куруу иштери пландалууда. Ал демөөрчүлөр тарабынан курулмакчы.

Бүгүнкү күндө ГЭСтин (суу электр станцияларынын) плотинасы курулуучу аймакта геологиялык изилдөө жумуштары жүрүп жатат.

Кечээ, 8-октябрда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Куланак суу электр станциялары курула турган аймакта болуп, иштин жагдайынан кабар алды. Облус жетекчиси бул Нарын облусу үчүн абдан чоң инвестиция экендигин, курулуш ишинин башталышы менен жумуш орундары түзүлөрүн, сугат аянттары кеңейтилерин жана өндүрүш иштеп, электр энергиясынын көлөмү көтөрүлөрүн белгиледи.

Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, курулуш иши жаз алды менен башталып, 3-3,5 жылдын ичинде аяктайт. Курулуш жумуштары жүрүп жаткан мезгилде 500дөн 1000ге чейин, курулуш иши аяктагандан кийин 200дөн ашык жумуш орундары пайда болору күтүлүүдө.

Курула турган ГЭС (суу электр станциясы) Ат-Башы ГЭСтен 2,5 эсеге чоң болот. Бул иш жүзүнө ашса аймактын ирригация тармагына да пайда алып келип, 5 миң гектар суу баскан аянт жакшыртылып, 2100 гектар жаңы жер өздөштүрүлмөкчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×