Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 09.10.2019 10:54

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун 2019-жылдын 9 айында аткарган иштери (сүрөт)

Turmush -  2019-жылдын январь-сентябрь айларында Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясы тарабынан бир нече жумуштар аткарылды.

2019-жылга карата Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңеши тарабынан бекитилген план 586,5 млн сомду түзгөн, бул акча каражатынын ичинде 2018-жылдын планынан калдык 124,4 млн сом каражат кирет.

2019-жылдын январь-сентябрь айларына карата «Кумтөр Голд Компани» ишканасы тарабынан Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусуна 426,3 млн сомдон ашыгыраак акча каражаты түшкөн.

2019-жылдын планында:

- Билим берүү тармагына 109,8 млн сом (18,7%);

- Саламаттыкты сактоо тармагына 30,2 млн сом (4,1%);

- Маданият тармагына 24,1 млн сом (4,1%);

- Спорт тармагына 63,4 млн сом (10,8%), жол, суу жана инфраструктурага 170,9 млн сом (29,1%);

- Башка тармактарга (мамлекеттик жана муниципалдык органдардын материалдык техникалык базасын чыңдоого, административдик имараттарын оңдоого жана башкалар) 89,5 млн сом (15,2%);

- Ар кандай долбоорлордун өздүк салымдарына 39,6 млн сом (6,7%);

- Киреше алып келүүчү долбоорлорго 58,9 млн сом (10,0 %) бекитилген (киреше алып келүүчү тармакта резерв катары 38 020,0 миң сом бекитилип турат, ал эми калган сумма муниципалдык менчикте киреше алып келүүчү долбоорлор бекитилген).

Район жана шаарларга бөлүнүшү төмөндөгүдөй:

Район жана шаарлардын аталышы

2019 жыл

План

Факт

%

1

Жети-Өгүз району

113221,9

48455,9

42,8

2

Тоң району

72505,3

42191,6

58,2

3

Балыкчы шаары

79218,0

8480,2

10,7

4

Ак-Суу району

48976,8

31454,7

64,2

5

Ысык-Көл району

68006,2

26686,1

39,2

6

Түп району

47616,6

36891,7

77,5

7

Каракол шаары

102798,0

70052,5

68,1

8

Облустук мекемелер

54169,4

25214,1

46,5

Бардыгы

586512,3

289426,8

49,3

Аткарылган иштердин натыйжасында 2019-жылдын 9 ай аралыгында облус боюнча төмөндөгү объектилердин курулуш иштери аяктап колдонууга берилди;

- Тоң районунун Кара-Коо айылындагы спорт зал;

- Кара-Таала айылындагы спорт зал;

- Балыкчы шаарындагы 100 орундуу бала бакча;

- Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылындагы 100 орундуу бала бакча;

- Түп айылындагы кичи футбол аянтчасы;

- Жети-Өгүз районунун Светлая-Поляна айылындагы спорттук зал;

- Теплоключенка айылындагы Жаштар паркы;

- Жаркынбаев айылындагы 100 орундуу бала бакча;

- Ак-Суу районунун Боз-Учук айылындагы кичи футбол аянтчасы;

- Ысык-Көл районундагы Сары-Ой айылындагы «Спутник» ден соолукту чыңдоо борборунун аймагындагы кичи футбол аянтчасы жана Бактуу-Долоноту айылындагы кичи футбол аянтчасынын курулуш иштери толук аяктап ишке берилди;

- Жон-Булак айылындагы спорт зал;

- Тоң райондук прокуратурасынын кызматтык үйүнүн курулушу аяктап, жакынкы арада өткөрүлүп берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×