Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 08.10.2019 15:42 На русском

Сүрөт — Жалал-Абад ОИИБди жетектеген генералдар менен полковниктер

Turmush -  Кыргызстан эгемендүүлүк алган соң 1991-жылы Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы түзүлгөн. Тактап айтканда Ош облустук ички иштер органдарынан бөлүнүп, өз алдынча башкармалык болгон. Ошол жылдан бери бул мекемени милициянын 11 полковниги, 4 генерал-майор жетектеди. 2018-жылдан бери Кылыч Жолдошов 16-жетекчи катары иштеп жатат. Аймактык кабарчы милициянын тарых-таржымалына токтолду.

Маалым болгондой, Жалал-Абад облусунун административдик-демографиялык аймактарына 12 шаар-район карап, ал жердеги жергиликтүү милициянын бөлүмдөрү Жалал-Абад ОИИБдин карамагына өткөн.

Башкармалыктын басма сөз кызматынын маалыматка караганда, алгач Ош облустук милициядан Жалал-Абад ОИИБге нөөмөт бөлүмү, кылмыш иликтөө, тергөө, коомдук коопсуздукту камсыздоо, МАИ, ОБХСС, темир жол сыяктуу бөлүмдөрү бөлүнүп чыгып, ишмердүүлүгүн башташкан. Андан кийин калган бөлүмдөр да акырындык менен түзүлүп, штаттык бирдиктер көбөйүп, материалдык-техникалык базасы чыңдала баштаган. Эгемендүүлүк жылдары облустук администрация тарабынан Жалал-Абад шаарынын Шопоков көчөсү №37 дарегинде жайгкашкан №75 кесиптик лицейдин чоң имараты облустук милицияга берилип, ушул күнгө чейин аталган даректе ишмердүүлүгү улантылып жатат.

Ош облустук милицияда түзүлгөн маалымат аналитикалык борборунан Жалал-Абаддын базасын бөлүп чыгуу кыйынчылыкты түзүп, көп мээнетти жана бир топ убакытты талап кылган. Учурда түштүк аймагы боюнча маалымат алуу дагы деле Ош ОИИБдин базасында борборлоштурулуп, эскиден калыптанып калган.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы 1991-жылдан тартып, башкача айтканда өз алдынча болгондон бери КРнын ИИМдин буйрук жана талаптарын аткарууда алдына коюлган тапшырмаларды так аткарышып, коомдук коопсуздукту камсыздоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана элдин милицияга болгон ишеничин арттырууда эбегейсиз зор эмгектерди аткарып, өзүнүн башынан элдик толкундоолорду жана улуттар аралык башаламандыктарды өткөрүп келди.

Жалал-Абад ОИИБдин эгемендүүлүк тарыхында 2019-жылга чейин өздүк курам арасында кызмат өтөп жатып жана өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатып жалпы 25 кызматкер каза болгон. Алардын ичинен 4 кызматкердин ысымы Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы көчөлөрдүн бирине, орто мектепке жана милициянын аймактык бөлүмчөсүнө берилген.

Жалал-Абад ОИИБдин жетечилери:

- Милициянын полковниги Коңкошов М.И.— 1991-1992-жылдары;

- Милициянын полковниги Табалдиев Бусулманкул Бектурович — 1992-1996-жылдары;

- Милициянын полковниги Толонов П.Ю. 1996-1998-жылдары;

- Милициянын генерал-майору Дубанаев Садырбек Мамбеталиевич — 1998-2001-жылдары;

- Милициянын полковниги Токобаев К.А.— 2001-2002-жылдары;

- Милициянын генерал-майору Алымбеков Бактыбек Маданбекович — 2002-2003-жылдары;

- Милициянын генерал-майору Тагаев Рашид Бакирович — 2003-2005-жылдары;

- Милициянын полковниги Эгембердиев О. — 2005-жылы;

- Милициянын полковниги Темирбаев Н. 2005-2008-жылдары;

- Милициянын генерал-майору Кемелбек Киязов — 2008-2009-жылдары;

- Милициянын полковниги Дегембаев Т. — 2009-2010-жылдары;

- Милициянын полковниги Бакиров С. — 2010-2011-жылдары;

- Милициянын полковниги Нурдинов М. — 2011-2013-жылдары;

- Милициянын полковниги Жоробеков Ж. — 2013-2017-жылдары;

- Милициянын полковниги Мамасейитов А. — 2017-2018-жылдары;

- Милициянын полковниги Жолдошов К.Н. 2018-жылдан тартып ушул күнгө чейин.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×