Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуЧүй району 08.10.2019 09:32

Шашылыш билдирүү: Айрым жерде кар жаайт

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  8-октябрда күндүз жана 9-октябрда туруксуз аба-ырайы күтүлөт, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 8-октябрда күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

9-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 9-октябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×