Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 07.10.2019 19:05

Бир күндө 3 адамдын өмүрү кыйылды: Трагедия болгон Кадамжайдагы шахтанын сүрөтү

Turmush -  Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Боз участкасында 100гө жакын мыйзамсыз көмүр казылган шахта бар. Учурда алардын 30га жакыны иштеп жатат. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн жер адиси Шафкат Тажибаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин мыйзамсыз, техникалык талаптарга жооп бербеген шахталарда иштөөгө бөгөт коюу максатында тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

«Ушул жылдын май айында кароосуз калган шахталардын 10 даанасын көмүү жана жердин кыртышын оңдоо, өздөштүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок ага карабастан жашоочулар өз алдынча көмүр казып жатышат. 20 адамга эскертүү берилип, түшүнүк кат жаздырылган. Бул боюнча Кадамжай РИИБге, райондук мамлекеттик администрацияга, Экология жана техникалык коопсуздук боюнча маммлекеттик инспекциянын Айдаркен, Кызыл-Кыя шаарлары жана Кадамжай району боюнча аймактар аралык башкармалыгына бир нече жолу чара көрүү боюнча кат жөнөтүлгөн. Бирок өз алдынча мыйзамсыз көмүр казгандарды ишин токтотууга мүмкүн болгон жок. Мыйзамсыз көмүр казгандар Кызыл-Кыя жана Ноокат (Ош облусу) районунун тургундары», - деди Шафкат Тажибаев.

Ал СССР убагында аталган аймакта 11 шахтадан көмүр казылып, вагондорго жүктөлүп, башка өлкөлөргө ташылып турганын кошумчалады. СССР таркагандан кийин шахталардын иши токтоп, ачык акционердик коом түзүлгөн. Учурда ал жерде «Кызыл-Кыя акционердик көмүр шахтасы» иш алып барат.

Буга чейин Turmush басылмасы Кадамжай районунда өз алдынча көмүр казуу учурунда 3 адам истүү газга ууланып каза болгонун жазган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсык 6-октябрда болжол менен саат 13:00дө болгон.

Буга чейин аталган участкада өз алдынча көмүр казуу учурунда бир адам каза болгон.

Ошондой эле 5-октябрда Сүлүктү шаарындагы шахтадан чыккан газга 5 адам ууланган. Алардын ичинен 3 бир тууган каза болгон.

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматына караганда, Боз участкасында Кара-Козу шахтасы, №11 шахта, Борду шахтасы деген 3 жай бар. Ал жерлер союз учурунда иштеп, кийин ишин токтоткон. Бул жерлерди Кызыл-Кыя шаарынын жана Ноокат районунун тургундары өз алдынча иштетишип, көмүр казып келишет. Ушул жылдын март айында дагы Кара-Козу шахтасынан 8 адамга, № 11 шахтасынан 51 адамга, Борду шахтасынан 2 адамга эскертүү берилген. 2018-жылы шахталардын биринен өз алдынча көмүр казып жаткан жаран газга ууланып каза болгон. Анда бул жайлар ишин убактылуу токтоткон. Ал жерге адамдар өздөрү электр энергиясын тартып барып иш жүргүзүп жатышат.

Кадамжай рйонунда көмүр казып жатып каза болгондор:

- 1998-жылы туулган А.Ажибек, Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айылынын тургуну;

- 1986-жылы туулган М.Толкун, Ноокат районунун Кулатов айыл аймагына караштуу Кулуштан айылынын тургуну;

- 1986-жылы туулган Т.Баит, Ноокат районунун Кулатов айыл аймагына караштуу Баглан айылынын тургуну.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×