Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 06.10.2019 19:30

Чүйдүн тоолорунда өскөн уникалдуу өсүмдүк. Сүрөт

Turmush -  Бул жылы Чүй облусунун тоолорунда өскөн Тянь-Шань четининин түшүмү мол болду.

Четин – өсүмдүктөрдүн роза гүлдүүлөр тукумундагы күбүлмө жалбырактуу дарак же бадал уруусу. Бийиктиги 10-25 метр, жалбырагы кезектешип жайгашат. Гүлү ак, кош жыныстуу, калкан сымал топ гүлдүү. Чымын-чиркей аркылуу чаңдашат. Мөмөсү тоголок, 2-5 уялуу. Мөмөсүндө сорбит, каратиноид, 69 мг % С витамини, 4-13,7 % кант болот.

Четиндин дүйнөдө 100, КМШда 40, Кыргызстанда 3 түрү бар. Негизинен Кавказ менен Борбордук Азиянын тоолуу жерлеринде өсөт. Кавказда кадимки четини, Түндүк Чыгыш Сибирде Сибирь четини, Кыргызстандын тоолорунда Тянь-Шань четини, Сары-Челек, Арсланбап мөмө-жемиш токойлорунда алма четини өсөт.

Биология илимдеринин кандидаты Калыс Бейшембаевдин айтымында, Тянь-Шань четини суукка, кургакчылыкка чыдамдуу келип, көп жыл жашайт.

«Тянь-Шань четининин дарылык касиети бар. Биологиялык активдүү заттарды камтыйт. Курамында кальций, магний, фосфор, темир жана башка микроэлементтер бар. Тилекке каршы ал малдын жайытынан жана мыйзамсыз кыюудан жапа тартып келет. Жергиликтүү тургундар уникалдуу өсүмдүктүн баалуулугун билбей, жыгачын малдарды киргизе турган жай курууга колдонуп жатышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×