Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Талас облусу, Талас 26.09.2019 17:11

«Альянс Алтын» ишканасы Жерүй кени боюнча Таласта эл менен жолугушуу өткөрдү

Turmush -  Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы драм театрда 25-сентябрда «Альянс Алтын» компаниясынын өкүлдөрү облустун эли менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жыйынга өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев, «Альянс Алтын» ишканасынын жетекчиси Михаил Шубин жана экология тармагына жооптуу адистер, ошондой эле облустун бардык райондору жана айылдарынан келген 400 адам катышты. Облустун элине аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берилди. М.Шубин «Альянс Алтын» ишканасынын иши боюнча маалымат берип, Жерүй кенинин тарыхына токтолду.

«Бул жерди 51 жыл мурун геологдор ачышканы менен компанияны иштетүүчүлөр 6 жолу алмашкан. 2015-жылы гана кыргыз өкмөтүнүн чечими чыгып, 11-август күнү Жерүй кенин иштетүү үчүн ачык сынак жарыяланган. Биз элдик угууларда компаниянын долбоорун көрсөтүп, толук маалымат бергенбиз. Ал долбоордо бир дагы өзгөртүү болгон жок. Баардык иштер өз нугу менен баштапкы көрсөтүлгөндөй жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин бизде 19 подрядчы уюм иш алып барды. Учурда анда 900 адам иштеп жатат. 270 адам окуудан өттү. Анын ичинен 50 адам Казакстандан окуп келишти. 900 жумушчунун ичинен 517 адам Таластын тургундары болсо, 312 адам Бекмолдо айыл аймагынан болушат. Биз подрядчыларга жумушка жалаң жергиликтүү тургундар алынсын деген талап койгонбуз. Айыл тургундары сынактык түрдө алынып, окуудан өтүүдө. Аларды атайын түзүлгөн байкоочу кеңеш, адистер тандап алышат. Алар эки этаптуу окуудан өтүп, үйрөнүп чыгышат.

Быйыл Талас облусунда 42 млн сомго 85 долбоор ишке ашты. Анын ичинде билим берүү тармагындагы, социалдык долбоорлор, маданияттык, спорттук иш-чаралар бар. 13 долбоор инфраструктурага багытталып, көптөгөн көчөлөр жарыктандырылды. Облустун айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдогон да долбоорлор болду.

Бүгүнкү күндө «Бакубат Талас» фондунан 8 пайыздык насыя үчүн 180 млн сом бөлүнгөн. Бул фонддун иши аймакта долбоорлорду ишке ашырып, жумуш орундарын түзүүгө, калкты иш менен камсыздоого багытталган. Келе жаткан жылдан баштап биздин компаниядан Кыргызстанга 2, Жерүй кенинен 2 млрд сом түшө баштайт», - деди ал.

Ал эми тургундар экология маселеси, каражаттын бөлүнүшү, долбоорлор тууралуу суроолорду беришип, тиешелүү жооп алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×